12:15 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8114
  • EUR77.7804
  • RUB1.0971
Кытайлык кыргыз, ырчы Таңнуру Мухаммет маек учурунда

Кытайлык кыргыз Таңнуру: Кыргызстанга келин болбойм деп келишим түзгөм

© Sputnik / Максат Элебесов
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
508131

Бир күнү Facebook тармагын барактап отуруп жагымдуу нерсеге көзүм түштү. Ал Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуу" аттуу чыгармасын ырдаган кыздын видеосу эле. Аны тайпалардын бирине жүктөгөн адам "кытайлык кыргыз кыздын ыры жүрөктү элжиретти" деп жазып койгон экен, алкоо сөздөрү жамгырдай жаады.

Кийинчерээк муну Таңнуру Мухаммет аттуу этникалык кыргыз кызы сынак учурунда ырдаганын билдим. Аны редакцияга чакырып эл оозуна алынган мукам үнү, кыргыз тойлорунун таң калычтуу учурлары жана кыргызстандыктарга турмушка чыкпоо боюнча ата-энеси менен түзүлгөн "келишими" туурасында баарлаштык.

— Ырыңызды угуп кубанганыбыз менен айрымдарга кайсы жерде ырдаганыңыз белгисиз болууда. Маегибизди элдин алкоосуна татыган аткарууңуздан баштасак.

— Ал чыгарманы 2015-жылдын декабрь айында Кытайда өткөн "Жибек жолу жаңырыгы" деген сынакта ырдагам. Ал убакта Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда 5-курс болчумун. Уюштуруучулар менен байланышып Кыргызстанда окуп жатканымды айтсам, анда кастингге катышпай эле сынактын биринчи туруна келе бер дешти. Барсам мени менен кошо катышкандардын саны 3000ден ашык экен.

— Ал сынакка кытайлыктар гана катыша алабы, эрежелери кандай болду?

— Мен билгенден Казакстан, Тажикстан жана АКШдан келишкен. Ал эми Кыргызстандан үчөөбүз барганбыз. Каалоочулар кайсы өлкөдөн болбосун катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Эреже боюнча биринчи турунда төрт калыс 16дан, кийин сегиз, төрт, эки катышуучу тандап акырында насаатчысы менен ырдайт. Шарттары Россиянын "Голос" долбооруна окшоп кетет. Мен биринчи чыкканда ошол "Сагынуу" деген чыгарманы ырдап экинчи турга өткөм. Кийинки этапта Сайкал Садыбакасованын "Сүйүүмдү сезбедиң" атуу ырын аткарып кийинки топко өтө албай калдым. Балким башка тилде ырдаганда өтүп кетсем керек эле. Бирок жеңишке жетишпесем да ошол жакта кыргыз ырларын жаңыртканымды ийгилик катары көрдүм. Сынак кытайлык уйгурлар тарабынан уюштурулган. Негизи ушуга окшогон иш-чаралар Кытайда бат-баттан өтүп турат. Өкмөт дагы аз сандуу улуттарга жакшы шарттарды түзүп, мыкты идеялар болсо каржылык жактан колдоо көрсөтүп берет.

Этническая кыргызска из Китая Таннуру Мухаммет
© Фото / Талантбек Мухаммет
Сынакта Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуу" атуу чыгармасын ырдаган. Ал жактан ийгиликтүү кайтпаса дагы кыргыз коомчулугунун өзгөчө алкоосуна татыган

— Сахнада үч-төрт мүнөт ырдаган менен ага чейинки түйшүгү көп болсо керек?

— Ырымдын сөзүн ар бир үтүр, чекитине чейин кытай тилине которттум. Бул сөзсүз түрдө коюлган талаптардын бири. Мындан сырткары, самолеттон Үрүмчү шаарына түшөрүм менен сынак өтө турган телевидениеге жетпей кыйналгам. Кар калың жаап таксилер иштебей унаадан-унаа которуп, бир кыйлага чейин жөө-жалаңдап барып араңдан зорго жеткем. Ал жерде да тааныштарың болбосо кыйын экен. Катышуучулардын көптүгүнөн үч күн кезек күтүп отургам. Бир туруп сен катышпай калдың дешти. Кайра түшкү тамакка чыгуу алдында турганда кезегиң келди деп сахнага чакырышты. Курсагым ач, араң чыгып ырдагам. Көрүүчүлөрдүн 80 пайызы уйгурлар болгонуна карабай катуу кол чаап колдоого алганы мени аябай кубандырды. Анан да бул ырдын угармандары Кыргызстанда мынчалык көп болот деп ойлогон эмесмин. Эмгегимдин акыбети кайтты окшойт.

— Азыр интернет желеси кеңири жайылып, кайда болбо издеген нерсеңди табууга мүмкүнчүлүк бар. Мурда кыргыз ырлары сиздерге кандай жолдор менен жетчү?

— Биздин үй-бүлө мүчөлөрү башка тармакта иштесе да маданиятка жакын болушкан. Бала чакта радиолордон кыргыз ырларын угуп, сөзүн түшүнбөсөм да обонун ээрчип ырдай берчүм. Жанагы "Сап-сап бир учкан таранчы, санын бузбай саначы" дегенди "сапыр-топур" деп ырдасам үйдөгүлөр күлкүгө алган. Биринчи жолу чоң сахнага 12 жашымда чыктым. Анда "Энекебай" деген ырды араң жаттап барып ырдап жатсам жарымына келгенде свет өчүп калды. Ал убакта өзүм кытайча, англисче чыгармаларды аткарып, кыргызча ырларды ата-энем үйрөтөөр эле. Анан атайын музыкалык билим алайын деп Кыргызстанга келгем. Башында бул жакта жашап калам деп ойлогом. Убакыт өткөн соң кайра Кытайга кетүүнү туура көрдүм.

Этническая кыргызска из Китая Таннуру Мухаммет
© Фото / Талантбек Мухаммет
Таңнуру Мухаммет кызы: Мурда кытайча, англисче чыгармаларды аткарып, кыргызча ырларды ата-энем үйрөтөөр эле. Анан атайын музыкалык билим алайын деп Кыргызстанга келдим

— Оюңуздун өзгөрүүсүнө эмне себеп болду?

— Канчалык аракет кылба баары бир аздыр-көптүр чөйрө таасир берет экен. Кытайда жүргөндө таңкы саат 5-6ларда туруп окууга же ишке жөнөп, маал-маалы менен тамак жечүбүз. Бул жакка келгенден кийин баары өзгөрүп жалкоо кызга айландым, уйкучу да болуп баратам. Мурдагы жашоо ритмимди табышым керек.

— Анда чыгармачылыгыңызды ошол жактан улантасызбы?

— Май айында улуттук филармонияда жеке концертимди өткөргөм. Эми Кытайда кыргыздар жердеген аймактарга барып концерт берүүнү пландап жатам. Ал жакта кыргыздын элдик ырларына суроо талап күч болот.

— Кызыл-Суулук кыргыздардын концерттери кандай форматта өтөт?

— Майрамдык иш-чарабы же жөнөкөй концерт болобу сөзсүз түрдө башында "Манас" айтылат. Андан кийин төкмөлөр чыгып эл менен саламдашат. Мындай көрүнүш салтка айланып калган. Ушулар эле болбосо калганы бул жактагыдан анча деле айырмаланбайт.

Этническая кыргызска из Китая Таннуру Мухаммет
© Фото / Талантбек Мухаммет
Ал жакынкы күндөрү Кытайда кыргыздар жердеген аймактарга барып концерт берүүнү пландоодо. Ал жакта кыргыздын элдик ырларын суусап угушат экен

— Ал жактын тойлору да өзгөчө шаң-шөкөт менен өтөт дешет. Эки жактын тойлорунан кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

— Биринин-артынан бири кубалашып тост айткандарды, сөз бербедиң, ырдатпадың деп таарынгандарды көрүп аябай таң калгам. Бизде болсо эки жаштын ата-энеси жана жакындары чыгып сүйлөп коёт болду. Андан ары ыр, бий, оюндар менен уланат. Белгилей кетчү нерсе ал жакта улуу муун менен жаштар аралашып бийлебейт. Мисалы той саат 18.00дө башталды дейли аксакалдар эки-үч саат отурат да эт тартылгандан кийин бата кылып кетишет. Анан жаштар өзүнчө калып кеңири ойноп тойду улантышат. Ал эми турмушка узап бара жаткан кыз башын жерге салып жүрүшү керек. Ачылып бийлеп жиберсе үйүнөн кеткенине сүйүнүп жатат деген сөз тарайт.

— Ата-энеңиз эмне менен алектенет, бул жакта жалгыз турасызбы?

— Атам соода байланыштар тармагында, апам жол куруу боюнча адис болуп эмгектенген. Учурда алар пенсия курагында. Улуу агам Кыргызстанда эки жылдан бери кытайлыктардын алтын кенинде котормочу болуп иштейт. Ал Нарындык кызга үйлөнгөн. Кичүү иним окуусун быйыл бүттү.

— Балким сизди дагы Кыргызстанга келин кылууга ниеттенген мырзалар болгондур…

— Бул жакта жакшы мырзалар көп экени талашсыз. Бирок мен Кыргызстанга келердин алдында үй-бүлөм менен "келишим" түзгөнбүз. "Мен Кыргызстанда калбайм, кайра келип ушул жактан турмушка чыгам" деп тил кат жазып, кол тамгамды калтырып келгем. Ошол шартты бузбай кармап жүрөм.

Тема боюнча

Үнүңө береке! "Жамайканы" созуп, казактарды таңыркаткан кыргыз кызы Томирис
Германиядагы мектеп директору Турдалиев: бул жакта мугалим болуу машакаттуу
Белгилер:
ыр, этникалык кыргыздар, сынак, Таңнуру Мухаммет кызы

ЭҢ МААНИЛҮҮ