Оштогу балакай "Ван Дамм" турникке шпагатка отуруп, чимириле тээп өнөрүн көрсөттү

© Фото / Хайотбек ХасанакуновЖаш спортчу, Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы Мухаммед Али Хасанакунов
Жаш спортчу, Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы Мухаммед Али Хасанакунов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки метрдей бийиктикте турган мүшөктөрдү айланып тээп, бир колу менен жерден түртүлүп, турниктин асты-үстүнө шпагатка отуруп ойногон 8 жаштагы Мухаммед Али Хасанакунов белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Ал жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Ван Даммдын кичинекей күйөрманы менен байланышты. Ал Оштун Кара-Суу районунда жашаган карапайым үй-бүлөнүн уулу.

Баланын өзүнүн аты Мухаммед Али экенине карабай "Али Ван Дамм" деген каймана аты менен көпчүлүккө таанымал. Атасы Хайотбек Хасанакунов уулу эч кандай машыгуу залдарына барбай эле, кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткенин айтат.

"Балам эс тарткандан бери эле Ван Даммдын кинолорун көрүп кызыгуусу күчөгөн. Анын ар бир кыймылын тууроого аракет кылып, эки жашында шпагатка отура баштады. Үйдө машыгууга шарттарды түзүп керектүү жабдууларын алып бергем. Негизи өзүнүн да тубаса таланты бар", — деди атасы.

© Фото / Хайотбек ХасанакуновБаланын өзүнүн аты Мухаммед Али экенине карабай "Али Ван Дамм" деген каймана аты менен көпчүлүккө таанымал
Юный спортсмен из Оша Мухаммед Али Хасанакунов - Sputnik Кыргызстан
Баланын өзүнүн аты Мухаммед Али экенине карабай "Али Ван Дамм" деген каймана аты менен көпчүлүккө таанымал

Хасанакуновдордун үй-бүлөсү 15 жылдан бери буюртма менен кыш куюп иштешет экен. Ошондуктан Мухаммед Алини атайын машыгуу залдарына берүүгө шарт болгон эмес. Мындан улам аз болсо да балдарга аралаша берсин деп айына 200 сом төлөп жакын жердеги күрөшкө катыштырып койгон.

"Өзүм да мурда оор атлетика менен машыкчумун. 1996-жылы Шаркан-Сай каналына түшүп кетип 10 чакырымдай агып барып чек арачылар куткарып калган. Омурткаларым жабыркап, ошондон кийин спорт менен алектенбей калгам. Кийин уулум спортко кызыкканын көрүп аябай сүйүндүм. Анан өзүм жетпеген нерселерге балам жетсин деп тилек кылып машыктыра баштадым. Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайбыз", — деди Хасанакунов.

© Фото / Хайотбек ХасанакуновМухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен
Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен
© Фото / Бекзат ХасанакуновБалакай "Ван Даммдын"атасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген
Балакай Ван Даммдынатасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Балакай "Ван Даммдын"атасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген
© Фото / Хайотбек ХасанакуновКүнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайт
Юный Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайтиз Оша Мухаммед Али Хасанакунов - Sputnik Кыргызстан
3/3
Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайт
1/3
Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен
2/3
Балакай "Ван Даммдын"атасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген
3/3
Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайт

Буга чейин кыргызстандык бала Нурмухаммед Ташмаматовдун Брюс Лини туурап Россиянын "Лучше всех" долбооруна чыкканын көрүп Мухаммед Али да ошол жакка барууга максат койгон.

"Ушул спортту калтырбай алып кетүүгө аракет кылам. Анан мүмкүнчүлүк болсо Ван Даммдын өзү менен жолуккум келет. Бул менин бирден-бир кыялым. Анын кинолорун көрүп ар бир кыймылын үйрөнүп чыктым. Сүрөттөрүн да чогултуп үйгө сактап койгом", — деди тестиер.

© Фото / Хайотбек ХасанакуновМухаммед Али мүмкүнчүлүк болсо Ван Даммдын өзү менен жолугууну кыялданат
Юный спортсмен из Оша Мухаммед Али Хасанакунов - Sputnik Кыргызстан
Мухаммед Али мүмкүнчүлүк болсо Ван Даммдын өзү менен жолугууну кыялданат

Учурда ал "Лучше всех" программасына баргандарды кыялындагы адамдар менен жолуктурат экен го, мен да барып калсам Ван Даммды чакырып беришеби" деп атасынын жанын койбой жүргөн кези экен.

Спортчунун атасынын айтымында, айылдыктар 20-30дан чогулуп алып, кээде үйүнө келген конокторун атайын ээрчитип келип "Али Ван Даммдын" өнөрүн көрүп кетишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0