БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо айылында 20 жаштагы айдоочу жөө бараткан германиялык үч туристти сүзүп, кырсыктан бирөөсү каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тилек Оторов билдирди.
Анын айтымында, окуя 25-июнь күнү түшкү саат 12:40тар чамасында катталган.
"Кочкор районунун Кара-Тоо айылында мейманкана издеп жүргөн германиялык үч туристти Audi үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Кырсыктан 33 жаштагы турист аял көз жумуп, 26 жана 28 жаштагы адамдар жарааттарынан улам аймактык ооруканага жаткырылган", — деди Оторов.
Ал ошондой эле унаанын айдоочусу, Кара-Тоо айылынын 20 жаштагы тургуну да жаракат алып ооруканага түшкөнүн кошумчалады. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.