БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева кыз төрөдү. Бул тууралуу депутаттын кеңешчиси Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ымыркайдын төрөлгөнүнө бир ай болуп калган. Ага Даяна деген ысым берилген.
Белгилей кетсек, март айынын аягында депутат декреттик өргүүгө чыккан.
Парламенттин эң жаш депутаты Мамашева былтыр Данияр аттуу мырзага турмушка чыккан. Жолдошу кесиби боюнча финансист, банк тармагында эмгектенери белгилүү.