БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Айсулуу Мамашова турмушка чыгып, кечээ Бишкекте үлпөт тою өттү. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Мээрим Канатбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Айсулуу Турусбековна менен жолдошу Данияр мырзанын үйлөнүү тою кечээ Бишкектеги ресторандардын биринде өттү. Тойго жаш жубайлардын эң жакын туугандары, кесиптештери жана достору катышты. Жолдошу кесиби боюнча финансист, банк тармагында эмгектенет", — деди Канатбекова.
Айсулуу Мамашова кыргыз парламентинин эң жаш депутаты болуп саналат. "Дасмия" комплексинин негиздөөчүсү Турусбек Мамашовдун кызы.