БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Айсулуу Мамашова декреттик өргүүгө чыкканы тууралуу маалыматты эл өкүлүнүн жардамчысы Мээрим Канатбекова тастыктады.
Кечээ спикер Чыныбай Турсунбеков пленардык жыйында депутат Айсулуу Мамашева декретке чыккандыктан пленардык жыйында беш депутат жок болорун айткан.
Белгилей кетсек, парламенттин эң жаш депутаты Мамашова былтыр Данияр аттуу мырзага турмушка чыккан. Жолдошу кесиби боюнча финансист, банк тармагында эмгектенери белгилүү.