Кыргызстанда быйыл мектепти аяктап жаткан 92 миң бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Москвада Жол кайгуул кызматынын инспекторлору чеберчилигин көрсөттү. Анкарда мугалимдер ачарчылык жарыялап, ал чатакка айланды.
Кытайды жасалма жол менен эгиз-пандалар жарыкка келди.
Америка лидери Дональд Трамп дүйнөнү кыдырган сапарынын алкагында Израилде да болду. Бишкектеги иш сапардын алкагында Кыргызстан муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин жолугушуусу өттү.
Бразилияда мамлекет башчысына каршы букарасы көтөрүлсө, Австралияда ар кыл түстөрдүн салт болуп калган фестивалы өттү.
Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг Гарвард университетин бүткөндөн 12 жыл өткөндөн кийин окумуштуу даражасына ээ болду.

Кыргызстанда быйыл мектепти аяктап жаткан 92 миң бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Бишкектеги кезектеги салтанат

Россиянын Жол кайгуул кызмат инспекторлорунун чеберчилиги. Бул иш-чара Москва облусунда өткөн

Россиянын Чита шаарындагы "Акыркы коңгуроо" салтанатынан бир көрүнүш. Бир айга жетпеген убакыттан кийин бул балдар бакыт издеп ар кайсы жакка сапар алат

Анкарадагы мектептин ачкачылык жарыялаган эки мугалимин кармоого каршы өткөн акция. Түркия бийлиги педагогдорду абакка камаган. Алар окутуучулардын катарынан "саясатка туура келбегендерди" тазалоо аракеттерине каршы чыгышкан

Кытайдагы Чэнду деп аталган илимий мекемедеги инкубатордо жарыкка келген эгиз пандалар

Америка лидери Дональд Трамп дүйнөнү кыдырган сапарынын алкагында Израилде да болду. Сүрөттө өлкөнүн президенти Реувен Ривлин (солдо) жана премьер-министр Биньямин Нетаньяху (оңдо) менен

Oxfam деп аталган Таорминдеги уюм G7 өлкө лидерлеринин жолугушуусуна каршы акция өткөрдү (Италия)

Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищесинин тарбиялануучулары сабак учурунда

Коччи аймагынын чет жакасындагы балыкчы (Индия)

10/26
© Фото / пресс-служба ДУМК
Бишкектеги иш сапар. Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл менен жолугушуусу. Анда тараптар адам баласынын жалпы касиеттик сапаттарын ойготуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диндер аралык ынтымакты бекемдөө, Ислам жана Провославиенин эзелтен берки тынчтыгы туурасында пикир алышты. 2017-жыл, 28-май

Бразилиядагы коррупцияга каршы чыккандардын жүрүшү. Миңдеген адам өлкө президенти Мишель Темердин импичментин талап кылышууда. Эл көчөгө президенттин "коррупцияга каршы иликтөөлөр башталса да кызматтан кетпейм" деген билдирүүсүнөн кийин чыккан

Америкалык Aerosmith тобунун ырчысы Стивен Тайлердин "Олимпийский" спорткомплексинде концерт берип жаткан учуру. (Москва)

Франция президенти Эммануэль Макрон, Польша лидери Анжей Дуда жана Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель (солдон оңго). НАТОго мүчө өлкө башчыларынын саммитте сүрөткө түшүп жаткан учуру. Брюссель

Сайма көйнөкчөн мышык. Киевдеги саймалуу буюмдардын майрамы

Балдар арасындагы "Ты супер!" вокалдык эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Валерия Адлейба (Абхазия). Долбоорду Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу менен НТВ каналынын биргеликте уюштурган. Кремль сарайы

Улуу Британиянын королева Елизавета II жана герцог Эдинбургский Улуу Павел соборунда Британ империясынын орденинин 100 жылдыгына арналган салтанатта

Литванын Паневежис шаарында өткөн машыгуулардын алкагында болгон курал жана аскер техникасынын көргөзмөсү

Британияда Манчестер терактысынын курмандыктарын эскергендердин аягы сууй элек. Алар гүл, шам коюп, бир катарлары оюнчуктарды көтөрүп келип жатышат. Терактыдан 22 адам курман болуп, 60тан ашууну жаракат алган

Каракастагы (Венесуэл) акциянын катышуучулары уурулук кылган деп айыптаган кишиге от коюп жиберишти

Колу жок алты жаштагы Исмаил Зульфик Отокадагы (Сараево) олимпиадалык бассейнде сууга секирип жатат. Бала колу жок, таманы кыйшайып, тубаса майып болуп төрөлгөн. Антсе да суу ичиндеги коркунучун жеңип, азыр жакшы сүзөт

Сидней шаарында түстөрдүн жыл сайын өтө турган фестивалы Астралиянын борбор калаасын болуп көрбөгөндөй түркүн түскө боёду

Пушкин атындагы көркөм өнөр музейи "Музейлер түнүн" өткөрдү

Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг Гарвард университетин бүткөндөн 12 жыл өткөндөн кийин окумуштуу даражасына ээ болду. Цукерберг 2002-жылы Гарварддын психология факультетине тапшырып, бирок ал социалык тармакты түзүүгө кызыгып, кирип кеткен. Эми ал юридикалык илимдердин ардактуу доктору болду

Швед модель Эльза Хоск Канн эл аралык 70-кинофестивалында

Россияда өткөн автомото жарыштагы мотоциклчендердин шоусу

Ирактын Эль-Бааж шаарындагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү менен болгон кагылышуу
