Үнүңө береке! "Жамайканы" созуп, казактарды таңыркаткан кыргыз кызы Томирис

© Sputnik / Табылды КадырбековВосьмилетняя кыргызстанка Томирис Алымсеитова
Восьмилетняя кыргызстанка Томирис Алымсеитова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле кыргызстандык сегиз жашар Томирис Алымсеитова Астана калаасында өткөн "Ачык Казакстан" деп аталган эл аралык сынак-фестивалда биринчи орунду ээледи. Ал сынакта италиялык Робертино Лоретинин "Жамайка" ырын аткарып, элдин да, калыстар тобунун да алкышына татыган.

Томирис апасы Асель Мамбетова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин студиясына келип алгачкы ийгилиги менен бөлүшүп, бир шиңгил созуп кетти.

— Томирис деп атың да, үнүң да өзгөчө кыз экенсиң. Музыкалык мектепке барасыңбы?

— Жок, музыкалык мектепке деле барбайм. Мектепте вокалдан сабак берген эжейим менен гана иштешем. Ага жумасына бир-эки жолу барып окуп турам. 

— Буга чейин эл аралык сынактарга катыштың беле?

— Жок, алгачкы жолу барып биринчиликти алып жатам. Буга чейин Кыргызстандан деле фестивалдарына катышып көргөн эмесмин. 

— Алгачкы жолу эл аралык сынакка катышып жатсаң толкунданган жоксуңбу? Италия ырын ырдоо кыйын болгон жокпу?

— Сахнага чыкканда кичине толкундандым, бирок ырдап баштаганда баарын унутуп калдым. "Жамайка" ырын болсо 1-класска барганда вокалдан берген эжейим үйрөткөн. Бат эле жаттап алгам.

Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар - Sputnik Кыргызстан
Чоор, сыбызгы жана фортепианону куюлуштурган 11 жаштагы Элдар
— Мектепте кандай окуйсуң?

— Жакшы эле окуйм. Баарына жетишүүгө аракет кылам.

— Келечекте ким болгуң келет?

— Негизи кыялымда ар түрдүү видеолорду тарта берем. Келечекте журналист жана ырчы болсом дейм.

Томиристин эл аралык сынактагы ирмемдери тууралуу апасы Асель Мамбетова айтып берди.

— Кызым сахнага чыкканда өзүн эркин сезип, ырды да мыкты деңгээлде аткарды деп калыстар тобу айтты. Алгачкы нотасын алганда эле көрүүчүлөр жакшы колдошту. Биз үчүн деле күтүүсүз болду. Ал жакка жөн гана кызымдын талантын байкап көрөлү деп барганбыз. Абдан сүйүндүк. 

© Sputnik / Табылды КадырбековCегиз жашар Томирис Алымсеитова: келечекте журналист жана ырчы болсом дейм
Восьмилетняя кыргызстанка Томирис Алымсеитова - Sputnik Кыргызстан
Cегиз жашар Томирис Алымсеитова: келечекте журналист жана ырчы болсом дейм

— Фестивалда катышуучулар көп эле болдубу? Баш байгени ким алды?

— Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн вокал боюнча жалпы 67 катышуучу чыкты. Алардын курагы 3 жаштан баштап 20 жашка чейин болду. Баш байгени Россиядан келген 20 жаштагы кыздар-балдардан турган топ ээледи. Алар көптөн бери вокал жаатында иштеп, ар түрдүү сынактарга катышып жүрүшчү экен.

— Кызыңыздын үнү өзгөчө экен, музыкалык мектепте деле билим ала элек деп калдыңар? Тубаса талантпы?

— Ошондой болушу мүмкүн. Өзү кичинекей кезинде эле ар түрдүү нерселерди микрофон кылып кармап алып ырдай берчү. Чоң апасы дагы абдан жакшы ырдайт. Балким ошолорду тартып жакшы ырдап калгандыр. Томирис 1-класска барганда эле вокалдан берген педагогу бул кыздан бир нерсе чыгат деп өзүнө алып алган. "Жамайканы" да ошол музыка мугалими үйрөткөн. 

— Биринчи катышкан сынагынан эле жакшы ийгиликтерди жаратыптыр. Эми алдыңкы пландарда мындан да олуттуураак фестивалдарга катышалы деген ой жокпу?

— Бар. Тушообуз эми кесилди буюрса, чет өлкөлөрдөгү фестиваль, сынактарды да караштырып, аларга катышканга аракет кылабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0