https://sputnik.kg/20170516/ehgemberdievsiz-ehki-zhyl-surottor-1033401907.html
Эгембердиевсиз эки жыл. Архивдик сүрөттөр
Эгембердиевсиз эки жыл. Архивдик сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Эки жыл мурун 16-май күнү белгилүү ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев дүйнө салган. 16.05.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-05-16T19:31+0600
2017-05-16T19:31+0600
2021-12-16T14:01+0600
https://sputnik.kg/img/101559/54/1015595462_0:0:2000:1129_1920x0_80_0_0_38c91e48c16fb00813b59dbcedea07aa.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101559/54/1015595462_0:0:2000:1257_1920x0_80_0_0_f9a88fc5929fca7441eef5156f37baf1.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар, табылды эгембердиев
кыргызстан, мультимедиа, коом, сүрөт, жаңылыктар, табылды эгембердиев
Эгембердиевсиз эки жыл. Архивдик сүрөттөр 19:31 16.05.2017 (Жаңыртылды: 14:01 16.12.2021 )
Эки жыл мурун 16-май күнү белгилүү ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев дүйнө салган.
Табылды Эгембердиев узакка созулган оорудан кийин 64 жаш курагында
каза болгон .
Эгембердиев "Жашоого шашылам, анткени аткарсам деген пландар көп. Эл жасай элек, ойго келбегендерди жасасам дейм" деген ураан менен жашап өткөн инсан катары эсте калды.
Дал ушул адам кыргыздын улуттук суусундуктарын Кыргызстанда жана анын сыртында белгилүү брендге айландырган.
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Мен үчүн эң оор күн - жекшемби. Кылар иш жок күн. Адам иштегенде гана жашайт деп ишенем"
"Мен үчүн эң оор күн - жекшемби. Кылар иш жок күн. Адам иштегенде гана жашайт деп ишенем"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Пландар көп, бирок үлгүрбөй каламбы деп корком, атаңгөрү... Тездетиш керек, азыр аябай шашып жашап жатам"
"Пландар көп, бирок үлгүрбөй каламбы деп корком, атаңгөрү... Тездетиш керек, азыр аябай шашып жашап жатам"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Мен балдарды: "Эгер сен ууру болсоң, балаң да ууру болот" деп айтпаш керек дейм. Бул тарбиялоонун башкы жана эң жөнөкөй эрежеси"
"Мен балдарды: "Эгер сен ууру болсоң, балаң да ууру болот" деп айтпаш керек дейм. Бул тарбиялоонун башкы жана эң жөнөкөй эрежеси"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Биздин өлкө куттуу өлкө, бизде дүйнөнүн эч жеринен табылбас нерселер көп. Бирок, тилекке каршы, биз аларды дайыма эле кадырына жетип, пайдалана албайбыз"
"Биздин өлкө куттуу өлкө, бизде дүйнөнүн эч жеринен табылбас нерселер көп. Бирок, тилекке каршы, биз аларды дайыма эле кадырына жетип, пайдалана албайбыз"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Биз, кыргыздар тойго, юбилейлерге, шаан-шөөкөттөргө көп убакыт коротобуз. Мага бул такыр жакпайт. Мен үчүн бул кыйын. Адам майрамдаш үчүн эмес, иш-аракет кылыш үчүн жаралган деп ойлойм"
"Биз, кыргыздар тойго, юбилейлерге, шаан-шөөкөттөргө көп убакыт коротобуз. Мага бул такыр жакпайт. Мен үчүн бул кыйын. Адам майрамдаш үчүн эмес, иш-аракет кылыш үчүн жаралган деп ойлойм"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө)
"Бир тууганым — чыгармачыл киши, тили аябай курч. Чыгармачыл адамдардын баары элегей болушат эмеспи, ал көп ойлонот, мен азыркыга чейин анын артынан баарын — костюмун, портфелин жыйнап жүрөм" (Жумадыл Эгембердиев бир тууганы жөнүндө)
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Мага күчтүү таасир берген адам – ал менин атам болгон. Ал киши азыр биз айтып жүргүдөй акылдуу сөздөрдү деле айтчу эмес, болгону көп иштечү жана мени бардык жакка өзү менен кошо алып жүрчү. Мен атамдан улам, киши кандай көп иштээрин көрдүм"
"Мага күчтүү таасир берген адам – ал менин атам болгон. Ал киши азыр биз айтып жүргүдөй акылдуу сөздөрдү деле айтчу эмес, болгону көп иштечү жана мени бардык жакка өзү менен кошо алып жүрчү. Мен атамдан улам, киши кандай көп иштээрин көрдүм"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Ишкердикти ак ниет жана сабаттуу жүргүзө албаган адам, ал чиновник болуп алып ишкерлерге акыл үйрөтөт"
"Ишкердикти ак ниет жана сабаттуу жүргүзө албаган адам, ал чиновник болуп алып ишкерлерге акыл үйрөтөт"
© Фото / предоставлено пресс-службой ЗАО "Шоро" "Мен кыргыз элине суктанам, себеби, биздин эркиндикке болгон эркибизди өлтүрүүгө болбойт"
"Мен кыргыз элине суктанам, себеби, биздин эркиндикке болгон эркибизди өлтүрүүгө болбойт"