Ырчы Юлия Руцкая 36 жашта! Ырчы тууралуу кызыктуу 5 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Юлия Руцкая. Архив
КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Юлия Руцкая. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, кыргыз-шоу бизнесинин өзгөчө өкүлү, улуту орус болсо да кыргыз тилинде обон созгон Руцкая Юлия Сергеевна 36 жашка толду. Ал калың элге репертуарындагы "Жамгыр төктү", "Кызыл гүл", "Переверну страницу", "Аппак сүйүү", "Жолугарым билгенмин" ырлары менен таанымал.

КРдин эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая тууралуу кызыктуу 5 фактыны журналист Гүлдана Талантбекова сунуштайт.

Министрдин кызы

Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков: Бек Борбиевдин пикирине кошулам, ал биз тууралуу чындыкты айтты
— Юлия Руцкая 1981-жылы 14-майда Белорусcиянын Витебск шаарында төрөлүп, 5 жашынан баштап атасынын жумушуна байланыштуу Бишкекте өскөн. Атасы Советтер Союзу маалында Кыргызстандын жеңил өнөр жай министри болуп иштеген. Кийин ал Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган. Атасы учурда жеке ишкер. Апасы музыкага жакын адам, тагыраак айтканда, фортепианодон сабак берет. Ырчы үй-бүлөдө эки бир тууган, улуу эжеси бар.

Мектепте сабакты мыкты окуган, тартиптүү кыз болгон. Экзамен жакындаганда классташтары Юлия менен достошконго шашылышчу. Ырчынын айтымына караганда, жаштайынан жигит жандоонун ордуна чет тилдерин үйрөнүп, мектепте өтчү сабактарды алдын ала окуп салчу. Айрыкча англис тилине кызыгуусу күч эле.

Доброго солнечного утра после такой дождливой ночи🙀 Кто боится грома как и я🙈? #доброеутро☀️

Публикация от Юлия Руцкая 📞+996(550)089724 (@yulia_rutskaya) Май 10 2017 в 8:55 PDT

Саясатчы ырчы

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
— Болочоктогу ырчы Пётр Шубин атындагы окуу жайдын фортепиано бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн. БААУнун саясат таануу бөлүмүн аяктаган. Ошондуктан "диплому бар саясатчымын" деп тамашалап калат. Окуу жайда окуп жүргөндө СССРдин эл артисти Хусейн Мухтаров Юлиянын талантын байкап, ырчы болуусун сунуштаган. К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүргөн. Ырчылыктан сырткары алып баруучу катары коомдук каналдын эртең мененки "Замана" программасында, ЭлТР телеканалында иштеген. КРдин Белоруссиядагы элчилигинин маданият бөлүмүндө эмгектенген.

Кыргыз тилин өзү тууралуу маалыматтарды билүү үчүн кызыгып үйрөнгөн

— Ырчы англис, орус, испан, түрк, итальян жана кыргыз тилдеринде сүйлөй алат. Бирок кыргыз тилин көпкө чейин түшүнбөй жүргөн. Ал бул тууралуу "айланамдагылар мен жөнүндө эмне кеп кылып жатышканын ушунчалык түшүнгүм келчү. Ошондуктан бат эле үйрөнүп алдым. Азыр кыргызча толук түшүнөм, бирок сүйлөбөйм. Себеби менин акцентим бар, анан аны угуп мени шылдыңдашканын каалабайм. Азыркыга чейин акцентимди жок кылуу үчүн кыргыз тилден сабак алып келем" деп айтат.

Пусть каждый день будет особенным💝 #2деньновогогода #папинденьрождения

Публикация от Юлия Руцкая 📞+996(550)089724 (@yulia_rutskaya) Янв 2 2017 в 8:46 PST

Узун элдин учугуна илинген чыгармалары тууралуу

— Карьерасын Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" ырынан баштаган. Убагында аталган ырды ырдайм деп аябай кызыгып жүргөндө ата-энесинин досу Түгөлбай Казаков менен таанышып калган. Ырчыны дагы да популярдуу кылган "Аппак сүйүү" ырын ыраматылык Нурак Абдрахманов өзү сунуштаган. "Кызыл гүл", "Переверну страницу", "Рапсодия", "Аппак сүйүү", "Жолугарым билгенмин" ырлары эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Ырчы чыгармаларды бат-баттан элге тартуулай бербейт. Себеби ырдын мазмунуна, текстине, келечегине абдан дыкат мамиле жасайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая
Финал конкурса красоты «Красавица Кыргызстана — 2015» - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая

Эмгек сиңирген артистке тете эмгектери

Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
26 жаштын даамын таткан Самара Каримова тууралуу кызыктуу 5 факты
— Ырчы төрөлгөн Витебск шаарында өткөн "Славян базары" конкурсуна Кыргызстандын атынан барган. Эстонияда өткөн "Эл аралык улуттук ырлар" конкурсуна жана "Эду" (кыргызча "Ийгилик") фестивалына катышып келген. Андан сырткары, Москвада өткөн "Браво Азия" фестивалынын катышуучусу. Бишкекте өткөн "Ырдайлы кыргыз ырларын" конкурсунда кыргыз тилинде ырдап, 1-орунду алган.Молдова жана Македонияда өткөн ири деңгээлдеги эл аралык сынакта баш байгени багындырган.

2016-жылы Тарых жана маданият жылында КРдин Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0