Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты

© © SputnikУчастница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова 24 жашка толду. Мүчөл жаштын төрүндө турган балбан кыздын жетишкендиктери тууралуу айтып отурсак сөз көп.

Айсулуу — чыгармачыл адам, чет өлкөдөн көйнөк алмайынча келбейт, бийик такалуу бут кийимдин күйөрманы жана да мыкты спортчу. Журналист Гүлдана Талантбекова Тыныбекованын карьерасынан тыш фактыларды чогултуп көрдү.

Жалал-Абадда төрөлгөн кочкорлук кыз

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында өсүп чоңойгон. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Өзүнөн улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар.

Жолдо жүрүп бүтүргөн мектеп

Бала кезинде кыздарга караганда балдарга жакын өскөн. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчу. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштап, улуу муундагы кишилерден биринчи жолу "кыз башы менен үйдө эле отурбайбы" деген сөздөрдү уккан. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, классташтары менен отурушка, кечелерге көп барган эмес. 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып борборго бат-баттан каттагандыктан, мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган. 

© © SputnikАйсулуу Тыныбекова Кыргызстан олимпиада медалынан үмүт кылган спортчу. Андыктан балбан кызга тагылган милдет чоң
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстан олимпиада медалынан үмүт кылган спортчу. Андыктан балбан кызга тагылган милдет чоң

Кара күчкө салынган чемпиондук

Греко-римская борьба. Чемпионат России. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Аттиң ай...даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев тирүү болгондо 48 жашка чыкмак!
Алгач Нарын облусунун биринчилигине катышкан. Анда эч кандай ыкмасы жок, кара күчкө салып чемпион болот. 2010-жылы КМТУда окуп, машыгып жүргөндө агайы Сабыр Рысбеков азыркы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен тааныштырган. Айсулуу машыктыруучусу тууралуу "Нурбек агай мени жаңы деңгээлге көтөрүп чыкты. Алтындай убактысын, баалуу нерселерин мен үчүн курман кылды. Ар мелдеште анын эмгегин текке кетирбөө үчүн жакшы күрөшүүгө умтулам" деп айтканы бар.

Атактуулукка алдырбаган жан дүйнө

Айсулуу спортто ийгиликтерди багынта баштагандан бери аты алыска тарады. Ал бул тууралуу "өзүм менен өзүм калганда кандай болсом, коомчулук алдында да ошондоймун. Негизи атактуулук менин жан дүйнөмдү эмес, баскан-турганымды өзгөрттү. Мен кечээ кандай болсом, бүгүн да ошондоймун, эртең да ошол бойдон калам" деп айтканы бар. 

© REUTERS / TORU HANAIКыргызстандын намысын коргогон учурдан бир көрүнүш
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын намысын коргогон учурдан бир көрүнүш

Тамакка болгон табит, ашканага болгон мамиле

Айсулуу мекени Кыргызстан башка өлкөлөрдөн абасы, суусу менен айырмаланат деп эсептейт. Чет өлкөгө чыгарда дайыма жарма, нан, кукси, алма салып алат. Себеби чет жерде табити такыр жоголуп кетет экен.

2010-жылдан бери үй жумуштарын жыйыштырып койгон. Анткени андан улуу, бийик максаттарым бар деп эсептейт. Майда иштерди кылбай калдым деп кейибейт деле. Себеби спортту тандап кеткен жылдарга чейин эшиктин да, үйдүн да жумушун кылып, талаа иштерин да жасачу. Спортчунун "бардык жумушту бүтөргөндөн кийин кечинде көчөнү чаң ызгыта ойногонго да жетишчүмүн" деп айтканы бар.

Чыгармачыл спортчу

Жалгыз калганда күндөлүгүн ачып, сырларын төгөт. Ой-кыялдарын, максаттарын жазат. Көркөм адабиятка кызыгып, бош убактысында китеп окуйт. Мындан сырткары, кубанганда же кайгырганда кагаз бетин чиймелеп ыр жазып, сүрөт тартат. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев үмүт арткан, эр жигиттер менен кошо мекен жүгүн көтөргөн Айсулуу Тыныбековага сыйлык тапшырып жаткан учуру
Вручение президент Алмазбек Атамбаев вручил спортсменам единовременные денежные премии и памятные подарки за достижения в спорте - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев үмүт арткан, эр жигиттер менен кошо мекен жүгүн көтөргөн Айсулуу Тыныбековага сыйлык тапшырып жаткан учуру

Кийим тууралуу

Курманжан датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүң менен, Элина! Актриса тууралуу кызыктуу 7 факты
Спортчу классикалык үлгүдөгү костюмдарга жакын жана классика эч качан модадан калбайт деген принципти карманат. Чет өлкөдөн көйнөк айлмайынча келбейт. Башка кыздардай эле бийик такалуу бут кийимдердин күйөрманы. Айсулуу кийимдери тууралуу "кичинемде апам сонун көйнөктөрдү сатып берип куурчактай кылып кийинтип койчу. Ошондон улам болсо керек, бийик такалуу бут кийимдерге, көйнөктөргө бала кезимден жакынмын. Мен чоңойгон сайын апам: "Айсулуумдун мүчөсү сындуу, буюрса, модель болот" дечү. Окуучу кезде шиш така кийгеним үчүн урушту көп укчумун. Бийик такалуу бут кийимдерим көп, айрымдары бир-эки жолу эле кийилген. Жай таман кийсем бутум түйүлө берет. Ошондуктан эң жапыз дегенинин да 2-3 сантиметр такасы болот. Ал эми көйнөктөргө келсем, мага жаккан көйнөк чыкса эч ойлонбой, баасына да карабай сатып алам. Алып жатканда "муну кайда, качан кием" деп да ойлонбойм. Башкысы ал мага жактыбы, жараштыбы, демек, гардеробумда турушу керек. Чет мамлекеттерден көйнөк алмайынча келбейм" деп айтканы бар.

Медициналык кароодон өтүп турат

Айсулуу спортто майда-чүйдө кокустуктар боло берет, алардын ар бирине арызданып олтурсаң, максатыңа жете албайсың деп эсептейт. Жараткандан ден соолук сурап, эки айда бир ички органдарын, башын текшертип толук медициналык текшерүүдөн өтүп турат. Болбосо майда жарааттар топтоло берип кийин чоң оору пайда кылышы мүмкүн деп, спорттун өзү сактыкты талап кылаарын белгилейт.

Азырынча мырзалар тууралуу ойлонбойт

Тыныбекова 2016-жылы болуп өткөн жайкы олимпиада оюндарынан кийинки бир маегинде "сезимдерин билдирип, "жообуңду бер" деп жүргөн мырзалар бар. Бирок мен алдыдагы беш жылды бир гана спортко арнайм. Олимпиада оюндарында ийгиликке жетишмейинче бүлө куруу тууралуу ойлобошум керек. Муну бардык спортчу кыялданат. Дээрлик бош убактым жок машыкканым да ошондон" деген. 

© AFP / JUNG YEON-JEЭл аралык аренада тер төгүп, намыс талашкан кездердин жыйынтыгы
Чемпионка Азии  по борьбе Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык аренада тер төгүп, намыс талашкан кездердин жыйынтыгы

Жетишкендиктери

  • 2010-жылы аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медаль утуп, жаштар арасында Азиянын чемпиону болгон;
  • 2012-жылы Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу утушка жетишкен;
  • 2013-жылы Азия чемпионатынын коло медалынын ээси. Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк студенттик олимпиадада коло медалга татыган;
  • 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын коло медалын алган;
  • 2015-жылы Россияда өткөн Олимпиада чемпиону Иван Ярыгин мелдешинин күмүш байгесин алган;
  • 2014-2015-жылдары Азия чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон;
  • 2016-жылы Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон;
  • 2016-жылы өткөрүлгөн жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу;
  • Швецияда өткөн Klippan Lady Open 2017 турниринде жараатына карабай күмүш медаль тагынып, дүйнөдөгү алдыңкы беш спортчунун төртүнчүсү деп аныкталган. Машыктыруучулары — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Түгөлбай Базакечов.
Жаңылыктар түрмөгү
0