Аскат Мусабеков: Бек Борбиевдин пикирине кошулам, ал биз тууралуу чындыкты айтты

© SputnikИсполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков
Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз шоу-бизнесинде концерт берүү канча турат? Ырчыларга концерт берүү кандай пайда алып келет? Эмне себептен концерт берүүдө айрым ырчылар жер-жерлерди кыдырып эмес, улуттук филармония жана спорт сарайы менен чектелип калат? Бул суроого жооп төмөнкү материалда.
Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" ырын белгилүү ырчы Аскат Мусабеков жаңыртууда

Маданияттын мыкты кызматкери, улуттук филармониянын солисти, мукам үндүү, токтоо мүнөз Аскат Мусабеков менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

КРдин Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: жаш кызга үйлөнүп алыптыр деп айтып жүрүшөт
— Интервьюга келе жатканда бир нече жолу убакытты өзгөрткөнгө аракет кылдыңыз. Кечигип калбайын дедиңиз окшойт. Убакытка жоопкерчиликтүүсүзбү?

— Аракет кылам. Бардык учурда эле сен ойлогондой боло бербейт. Жолдогу тыгын, турмуштук себеп дегендей. Азыр мен үчүн ар бир мүнөт баалуу болуп турат. Себеби жакын арада боло турчу концертиме даярдыктарды көрүп чуркап жүрөм.

— Жашоодо жоопкерчиликтүүсүзбү?

— Аракет кылам. Айткан нерсемди аткармайынча жүрөгүм жай албайт. Көп учурда көңүл кыя албайм.

— Эркектин жоопкерчилигин кандай түшүнөсүз?

— Ал үй-бүлө, ишине жана сүйлөгөн сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек.

— Санап өткөндөрдүн канчасын аткардыңыз?

— Баарын эле аткарып келе жатам. 

© Фото / Эрмек ЖенишовМаданияттын мыкты кызматкери, улуттук филармониянын солисти, мукам үндүү, токтоо мүнөз Аскат Мусабеков: гастролдойм дегендер азыр деле Кыргызстандын булуң-бурчунда жүрүшөт. Тойдун аркасынынан түшпөй жер кыдырганыбыз оң
Певец кыргызской эстрады Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Маданияттын мыкты кызматкери, улуттук филармониянын солисти, мукам үндүү, токтоо мүнөз Аскат Мусабеков: гастролдойм дегендер азыр деле Кыргызстандын булуң-бурчунда жүрүшөт. Тойдун аркасынынан түшпөй жер кыдырганыбыз оң

— Түшүнүктүү. Концерт бергени жатам деп калдыңыз, азыр ырчылар "концерт берсең актабайт, чыгымды да жаба албайт" деп машакаттан оолак болуп жүрүшөт го?

— Чыгармачылыкта жүргөндөн кийин концерт дегенди сөзсүз түрдө берип, материалдык кыйынчылыктан качпаш керек. Быйыл чоң сахнада ырдап жүргөнүмө 11 жыл болду. Тегеректеп, он жылдык деп белгилеп өткөрөйүн деп турам.

— Концертке келген эл эс алып, көңүл ачып кетери түшүнүктүү. Концерт берүү ырчыларга кандай пайда алып келет?

— Жеке мен үчүн чыгармачылыкка стимул берет, жаңы тепкичтерге көтөрөт. Эл арасында унутулуп калбай, бир сыйра сөөгүңдү жаңыртып аласың. Концерт бергенден кийинки сезим ушунчалык жагымдуу. Үстүңдөгү оор жүктү алып салгандай жеңилдей түшөсүң. Ошого жараша эмгек бааланса деп ойлойм.

#однаждывпариже #путешествие #хорошоефото #2017 🎩

Публикация от Аскат Мусабеков (@askat.musabekov) Апр 30 2017 в 10:15 PDT

— Чыгармачыл адамдардан кандай өзгөчөлүктөрүнө карап наам берилиши керек? Айрым ырчылар чет мамлекетке барганы үчүн, кээ бирлери концертти көп берген үчүн, кай бири "баланча жылдан бери түкүнчө ыр жаздырдым" деп талапкер болуп жүрүшөт?

Атактуу эстрада ырчысы Нурлан Насип - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Насип: ырчы болбосом ушул кыз мени менен таанышат беле деп ойлоном
— Алгач билим керек. Анан эл аралап, жер кыдырып чыгармаларды тартуулап эмгек сиңириш керек деп ойлойм. Илгери ырчылар тоого барып малчыларга чейин концерт беришчү экен. Бизде мындай нерселер мамлекет тарабынан деле милдеттендирилбейт. Кудайга шүгүр, жолдор деле оңолуп калды, астыбызда автоунаа деген бар. Биринчи чет өлкөгө эмес, элиңе эмгек сиңиришиң керек деп ойлойм. 

— Улуу муундагы ырчылар "биз концерт бергенде бут баспаган жер, биз кармабаган кашык калган жок" деп айтышат. Бирок кийинки муундун концерти көбүрөөк борбордон гана орун алгандай?

— Бул маселени каражатка, анан биздин жалкоолукка алдырып жибергенибизге байланыштырат элем. Гастролдойм дегендер азыр деле Кыргызстандын булуң-бурчунда жүрүшөт. Тойдун аркасынынан түшпөй жер кыдырганыбыз оң. Өткөндө Бек Борбиев байкебиз Facebook баракчасына жаштарга насаат катары "жер кыдырып ырдагыла, элге жакын болгула" деген пост жазыптыр. Айткандарына кошулам. 

© SputnikАскат Мусабеков: репертуарымдын 95 пайызы — сүйүү тууралуу ырлар. Жаш кезде сүйүү жөнүндө ырдап алалы деп лирикалык жанрга басым жасайм
Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков: репертуарымдын 95 пайызы — сүйүү тууралуу ырлар. Жаш кезде сүйүү жөнүндө ырдап алалы деп лирикалык жанрга басым жасайм

— Сыр болбосо концерт өткөрүү баштан аяк канча турат?

— Орточо эсеп менен 10-12 миң доллар кетет.

— Бүткөндөн кийин канча каражат топтолот?

— Концерт берүү материалдык эмес, адамдын макамын көбүрөөк көтөрө турчу өзгөчөлүк экенин дагы бир жолу айткым келет. Концерт өз чыгымын көтөрүп кете алса абдан жакшы. Мындай учур эл залга толук келип бергенде ишке ашат. Залдын ижарасынан тышкары команданын ишине да төлөнөт. 

Аскат Мусабеков Манапбай Керимбаевдин сөзүнө жазылган Кубат Болотхановдун "Лейли" чыгармасын аткарууда

— Концерттин аталышы "Жамиля" экен…

— Репертуарымдын 95 пайызы — сүйүү тууралуу ырлар. Жаш кезде сүйүү жөнүндө ырдап алалы деп лирикалык жанрга басым жасайм. Ошондуктан "Жамиля" деп атап койдум. Сөзү, обону Бек Борбиевге таандык "Жамиля" аттуу ырды ырдап жүрөм.

— Чыгармачылыгыңыз сүйүү ырларына бай экен. Ырчынын ыры тагдырына үндөш болот деп айтып коюшат го?

— Түрктөрдө "кайгылуу ырлар жакшы эскерүүлөр сыяктуу керемет" деген сөз бар. Кайгылуу, сүйүү темасындагы ырлар эмнегедир эл арасында көп ырдалат, көп жашайт. Сүйүү — бүтпөс тема, аны башынан өткөрбөгөн адам дээрлик болбойт.

— Анан жашооңузда ошондой учурлар болдубу?

— Менин жаратылышым сүйүү ырларга жакын болсо керек. Ырчы, маселен, калем эмне экенин түшүнбөсө ал тууралуу ырдай албайт. Баштан өткөндү ырга салабыз деп айткым келет.

— Маселен, кайсыл ырыңызда берилген?

— Бир ырды өзүнчө бөлө албайм. Маселен, Элмирбек Иманалиев "Аруузатымды" жазган, мен ырдап чыктым. Элдин кабыл алуусу жакшы болду. Чындыгында керемет ыр. Ырдын тарых-таржымалына азыркы кезге чейин кызыкандар көп. Алардын баарына "Элмирбек байкеден билип алгыла" деп койгом. Ал киши "ар ким жан дүйнөсүнө карап түрдүү түшүнөт" деп коет. Ошол себептен ырдын кабыл алуусу угармандын каалоосу деп айтаар элем.

Суйуу ырлары… #поэзиядуши #любовь #элмирбек_иманалиев #окуганмен 📖🖋❤️

Публикация от Аскат Мусабеков (@askat.musabekov) Фев 14 2017 в 4:47 PST

— Концерттен кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?

Программный директор радиостанции Кыргызстан обондору Лилия Абдыбаитова - Sputnik Кыргызстан
Лилия Абдыбаитова: ата-энем дудук болсо да, Кудай мага үндү берди
— Өзүм эмгектенген "Камбаркан" фольклордук ансамбли менен улуттук-салттык ырларды ырдайм. Филармониянын мамлекеттик камералык-симфониялык оркестринин коштоосунда классикалык ырлар болот. Жаз группасы менен, эстрадалык ырларды аткарам, комуз менен ырдайм. Жаңы чыгармалар сөзсүз жаңырат. Мен ырдап жатканда бийчилердин адаттагыдай коштоосу деген көрүнүштөр болбойт. Окуяга байланыштуу кыймыл-аракеттерди жасашат. Ошондой эле түрк, орус тилдеринде ырдайм.

— Алдыда кандай ой-максттарыңыз бар?

— Көптөн бери педагог катары өзүмдү сынап, шакирт тарбиялайын деп жатам. Үй-бүлө куруу тууралуу да ойлонуп жүрөм. Кийинки пландарды турмуш өзү көрсөтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0