БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Миссури штатындагы Сент-Луис шаарынын сот арачылары Johnson & Johnson холдингин алардын продукциясын колдонуп рак менен ооруп калдым деген аялга 110 миллион доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул туурасында РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме кылып жазды.
Вирджиния штатынын жашоочусу аталган компаниянын денеге сепкен упасын 40 жыл бою колдонуп келген. 2012-жылы ага энелик бездин (яичник) рагы деген дарт аныктамасы берилип, залалдуу шишик боорун каптай баштаган. Учурда аял химиялык дарылануудан өтүп жаткандыгын аталган агенттик кабарлаган. Кесел болгон аял онкологиялык ооруну Johnson & Johnson компаниясынын продукциясы чакырган деп эсептей турганын айткан.
Маалыматта ракка чалдыккан аялга каралган 110 миллион суммасындагы каражат компенсациялар арасынан эң ири сумма экендиги жазылган. Соттун чечими менен Johnson & Johnson мындай акчаны буга чейин эч качан төлөбөгөнү айтылат.
Аталган ишканага буга чейин жалпысынан 2,4 миң доо арыздар берилген.
Февраль айында сот компанияны энелик бездин рагынан каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө 72 миллион доллар компенсация төлөп берүүнү милдеттендирген. Бир нече айдан кийин Миссури соту онкологиялык оорудан жапа чеккен дагы бир адамдын доо арызын канааттандырып, ага 55 миллион доллар төлөп берүү чечимин чыгарган.