00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
О новых правилах пребывания и регистрации иностранных граждан на территории КР
16:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Экономиканын теориясы. Эмнеси менен маанилүү?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новые самолеты, аэропорты и проверка ИКАО: какие изменения происходят в гражданской авиации Кыргызстана
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Хакасиянын алакасын чыңдоого ири салым кошуп жаткандар
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Мечты и реальность: как утопии превращаются в антиутопии
20:06
48 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат

© AP Photo / Ariana CubillosЭмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив
Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр эмчек рагына чалдыккан 620 аялдын ичинен 500үнө операция жасалган. Ал эми калган 120 аял оорунун акыркы 4-стадиясында кайрылгандыктан, химиялык терапия жолу менен жардам көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккан аялдардын 30 пайыздан ашыгы дарыгерге оорусу өтүшүп кеткенде гана кайрылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнүн башчысы Сергей Буяклянов билдирди.

Дарыгердин айтымында, былтыр эмчек рагына чалдыгып, дарыгерге биринчи жолу кайрылган аялдардын саны 620га жеткен. Алардын ичинен 34 пайызынын оорусу өтүшүп, шишик башка органдарга жайылып кеткени аныкталган.

"Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 100 миң аялдын 10у эмчек рагына кабылат. Өлкө аймагында бул коркунучтуу илдетке кабылгандар боюнча Бишкек шаары биринчи орунда (100 миң аялдын 18и) турат", — деди Буяклянов.

Маалыматка караганда, былтыр ооруга чалдыккан 620 аялдын ичинен 500үнө операция жасалган. Ал эми калган 120 аял оорунун акыркы 4-стадиясында кайрылгандыктан, аларга химиялык терапия жолу менен жардам көрсөтүлгөн.

Буяклянов жыл сайын оорусу өтүшүп кеткендердин 30 пайызы жарык дүйнө менен кош айтышаарын белгиледи.

"Бизге эмчек рагынын 3-4-стадиялары менен кайрылган аялдардын 30 пайызы каза болуп калат. Ал эми оору жаңы башталары менен кайрылгандардын 95 пайызын дарылоо менен өмүрүн узартып, жашоо сапатын жакшырта алабыз. Толугу менен сакайып кеткендер дагы бар", — деди маммолог.

Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет
Дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда эмчек рагы рак ооруларынын арасында биринчи орунда турат. Өзгөчө акыркы 20 жылдын ичинде эмчек рагына чалдыккандардын саны эки эсеге өскөн.

Кыргызстанда бул илдетке көбүнчө 45-55 жаштагы аялдар кабылат.

Ал эми Россияда ар бир онунчу аял рак илдети менен ооруп калуу коркунучунда экенин Genotek генетикалык борборунун окумуштуулары аныктаганын РИА Новости жазды.

Аталган борбордун кызматкерлери россиялык аялдардын 11 пайызынын генинде эмчек рагын чакыра турган мутациянын жок дегенде бирөө бар экенин билдиришти. Бирок изилдөөнүн автору Валерий Ильинскийдин айтымында, мутациянын табылышы — диагноз же өкүм эмес. Бул жөн гана аялдарды ден соолукка кам көрүүгө чакырган коңгуроо.

Жаңылыктар түрмөгү
0