Баткенде 5 жашар баланы Lexus үлгүсүндөгү унаа коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЛоготип автомобоильной марки Lexus японской корпорациии Toyota Motors
Логотип автомобоильной марки Lexus японской корпорациии Toyota Motors - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, жеткинчек унаа жолго чуркап чыга калган.

БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Баткен районунда беш жашар баланы унаа коюп, каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облусунун Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Жол кырсык 30-апрелде Баткен — Кызыл-Бел унаа жолунун 6-чакырымында катталган. Жеткинчекти Lexus GS-300 үлгүсүндөгү унаанын 30 жаштагы айдоочусу Кызыл-Бел айылынан койдуруп кеткен.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, бала унаа өтүүчү жолго чуркап чыга калган. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада көз жумган. Шектүү колго түшүрүлдү", — деп Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмыш иши козголо элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0