БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жай айында Кыргызстанда экинчи жолу "Жаш булак" жаштар форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара 10-июлдан 23-июлга чейин Кайыңды шаарында уюштурулмакчы.
"Форумга 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы кыздар-балдар, адистер жана жаш лидерлер катышып, тренинг, мастер —ласс, шоу программа менен коштолот. Максаты — өсүп келе жаткан муунга карьерасын өстүрүүгө жол ачуу, жаш лидерлердин жана жаштар уюмдарынын башчыларынын башын бириктирүү", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, агенттик форумга катышууга дасыккан серепчилер, тренерлер чакырылганын кошумчалады.