БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаада кишини койдуруп кеткен учурда талкаланган алдыңкы айнектен ал адам ыргыган тейде машинанын ичине түшүп калган. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуяга күбө болгон киши кабарлады.
Автокырсык Шабдан баатыр көчөсүндөгү "Айнур" заводунун жанында болгон.
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуШабдан баатыр көчөсүндө болгон жол кырсыктын кесепети
Шабдан баатыр көчөсүндө болгон жол кырсыктын кесепети
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Ал киши жөө жүрүүчүлөр өтпөй турган тилкеден жолду чуркап кесип өткөнгө аракет кылган. Автоунаа күү менен келип ургандыктан, киши талкаланып кеткен маңдайкы айнектен машинанын ичине ыргыган тейде түшкөн. Тез жардам окуядан 45 мүнөт өткөндөн кийин келди. Киши тирүү", — деп билдирди окуяга күбө болгон адам.
Кайгуул милициясынан аталган маалыматты тастыктап, бул боюнча атайын экспертиза дайындалгандыгын белгилешти.