Жол кырсыгы көп болгон көчөлөр, авариянын түрлөрү жана саны

© Sputnik / Элебесов МаксатГЭС-5 районунда эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив
ГЭС-5 районунда эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда борбор калаада эки күндүн биринде жол кырсыгы катталып, ал адам өлүмдөрү менен коштолууда.

Бир жуманын ичинде жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен 10го чукул факты катталса, анын жарымы ошол жерден көз жумгандар. Ал эми унаалар кагышкан 20дан ашык кырсык болуп, жабыркагандардан да көз жумгандардын саны көп болуп кетти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Кайгуул милициясынын берген маалыматына таянып, калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин билип көрдү.

Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын акыркы үч айынын ичинде Бишкек шаары боюнча 551 жол кырсыгы катталса, анда 30га чукул киши каза болуп, 343 адам жабыркаган.

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, жол кырсыгына көпчүлүк учурда жаш айдоочулар кабылат.

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында үч унаа кагышып алты адам каза болду - Sputnik Кыргызстан
Кемин районунда үч унаа кагышып, алты киши каза болду
"Азыр унаа көбөйүп, билгени да ,билбегени деле унаа айдап калды. Жол кырсыгына кабылып же адам сүзүп кеткендердин көбү 20-30 жаштагы эркек адамдар. Алар ылдамдыкты нормадан өйдө жогорулатып алып айдашат. Мындан бир-эки ай мурун ВДНХ аймагында 20 жаштын тегерегиндеги жаш бала унаа айдап жанындагы бир кыз менен баланын өлүмүнө себепкер болду. Алардын унаасы чачырап, дене мүчөлөрүн ар кай жерден таптык. Мындай кырсыктарды көрүп деле айдоочулар сабак албай эле, тескерисинче, аша чаап баратышат", — деди Бугубаев.

Ошондой эле ал 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жол кырсыктарынын саны эки эсеге өсүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0