Эскерте кетсек, жекшемби күнү саат 18.00дөр чамасында аталган аймакта эл ташыган Mercedes Benz Sprinter менен Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа кагышып, капталына кулаган маршруттук такси бир топко чейин сүрүлүп барган. Күбөлөрдүн айтымында, маршрутканын ичинде 15 адам болгон.
Бул жол кырсыгынан жети адам жаракат алып, анын бири жаш бала болгон. 14 жаштагы өспүрүм шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилип, анын баш мээси чайкалганы аныкталган.
"Тергөөчү камералардагы видеону алган, андан айдоочунун жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткенин көрүүгө болот. Бул пикирди күбөлөр да тастыктоодо", — дешти милициядан.
Маалыматка ылайык, 57 жаштагы айдоочу "Мейкин" ишканасында иштеп, №199 маршруттук таксини айдайт. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында аталган компанияга микроавтобустарды техникалык кароодон өткөрбөй туруп жолго чыгарганы үчүн 5000 сом айып салынган.