Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү болгон.
"55 жаштагы айдоочу Кеминди көздөй бара жатып, Кара-Суу айылына жакын жерде Audi менен кагышкан. Аны 52 жаштагы жаран айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаадагы аял окуя болгон жерде жан берген", — деп жазылат маалыматта.
Мындан сырткары, аймактык ооруканага 5-6 адам түшкөн. Күбөлөр болгон окуяны тасмага тартып алышкан. Анда унаанын жолдон чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Аталган факт боюнча материалдар Кочкор РИИБине өткөрүлүп, тергөө башталды.