Окуяга күбө болгон жарандын айтымында, маршруттук такси жол чырактын кызыл күйгөнүнө токтогон эмес.
"199-маршрутка жол чырактын кызыл күйгөнүнө карабай өтүп баратканда, капталынан кара түстөгү машина келип сүздү. Маршрутканын ичинде 15дей адам бар экен. Алтоосун Тез жардам алып кетти", — деди күбө.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык саат 18.00дөр чамасында катталган.
Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.