БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көп кабаттуу үй салдыруу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, УКМК эки подъездден турган 105-сериядагы 54 батирлүү үйдү баштан-аяк курдуруу үчүн 91 миллион 749 миң 760 сом сарптоого даяр.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында толугу менен бүтүшү керек.
Тендер 3-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 24-апрелде аяктайт.