Үстүбүздөгү жылдын 30-март күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйынына мандат алган 31 депутаттын 23чү катышып, өздөрүн таркатуу боюнча бир добуштан чечим кабыл алышты. Шаардык кеңешти таркатуу демилгесин "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата-Журт" фракциялары көтөргөн. Анткен менен жыйынга "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттары келбей койгон.
Алгач "Республика — Ата-Журт", "Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресстен" турган коалиция түзүлгөн. Бирок биринчи жыйында күн тартибиндеги маселелерди караганга депутаттардын үчтөн биринин добушу жетпей, чогулуш болбой калган. Анда КСДП фракциясынын депутаттары жыйынга келбей койгон.
Ал эми кийин "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып, КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт" фракциялары көпчүлүк коалиция түзүшкөн. Жыйында маселени караганга кайрадан добуш жетпей, оппозицияда калгандар жыйынга катышуудан баш тарткан.
Ошентип шаардык кеңеш дээрлик үч айлык убакытты текке кетирип, аягында тароо боюнча чечим кабыл алышты. Ал ортодо шаардын мэри шайланбай, бюджет бекитилбеген боюнча калды.
БШКнын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев депутаттар мэр менен төраганы шайлоодо кворум жок болгондуктан тараганын айтты.
"Буга чейин БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов келип депутаттар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан жок. Таркатуунун негизги себеби мэр менен төраганы шайлоодо кворумдун жоктугу болду", — деди Жүндүбаев.
Ал мындан кийинки болжолдуу кадамдар кандай болорун божомолдоду.
Жүндүбаев акыркы чечим БШК тарабынан кабыл алына турганын кошумчалады.
Ал эми БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу боюнча чечим БШКда каралып президентке жөнөтүлөрүн айтты.
"Чечим БШКда каралып, президентке жөнөтүлөт. Өлкө башчынын жарлыгы чыкканда гана таркатылды болуп саналат. Мыйзам боюнча шайлоого 45 күн калганда датасы коюлушу керек. Ошондуктан Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоо 28-майга белгилгенсе максатка ылайыктуу болот", — деди Бекматов.
Ал эми Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков депутаттардын тароо себептерине токтолду.
"Кызмат талашуунун айынан кепке келишпей койду деген туура эмес. Болгону айрымдар жеке өзүнүн кызыкчылыгын шаардын кызыкчылыгынан өйдө коюшту. Ошондон улам элден кечирим сурап, өз ыктыярыбыз менен таркап кетүүнү туура көрдүк", — деди ал.
Мамасадыков шайлоо өтсө жаңы адамдар келип, маселе чечилерине үмүт артып жатканын кошумчалады.
"Жаңы шайлоо болсо башкалар келет деген ишенич бар. Бирок шаардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып, жеке кызыкчылыгын өйдө койгон адамдар эртең кантип кайра шайлоого катышат? Ошондуктан учурда сунуштар түштү. Эгерде жергиликтүү кеңеш кайсы бир депутаттын күнөөсү менен таркап кеткени аныкталса, анда мындан кийин ал адамды шайлоого катышуу укугунан ажыратуу керек", — деди Мамасадыков.
Ал аталган сунуш Жогорку Кеңештин депутаттарына бериле турганын кошумчалады.
"Бул жерде бирөөгө күнөө коюу туура эмес. Саясий көз караштар дал келбей калгандыктан ушундай жагдай жаралды. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Менин оюмча кайра шайлоодо баары ордуна келет", — деди Бакиров.
Ал эми БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев бул жагдай партиялык тизменин кесептинин улам жаралганын билдирди.
"Партиялык тизменин кесепетинен ушундай жагдай жаралды. Анткени бул жактагы жетекчилигинин айтканын кылып ушундай болуп жатат да. Маселе бир гана Жалал-Абадда болгон жок. Буга чейин Кара-Балта, Кеминде да ушундай жагдай жаралган. Эртең кайра шайлоо болсо ушулар эле келиши мүмкүн", — деди Сариев.
Ал маселени чечүү үчүн депутаттар менен кошо мэрди да эл шайлашы зарылдыгын кошумчалады.
"Өнүгүү — Прогресс"— 4 427 добуш; "Кыргызстан" — 2 633 добуш; "Ата-Журт"— 2 357 добуш; "Республика — Ата-Журт" — 1 660 добуш; "КСДП" — 5 842 добуш.