БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген атты ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2017-жылдын 15-мартында Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган.
"Аталган мыйзамдын максаты — Апрель революциясынын баатырларынын аттарын түбөлүккө калтыруу", — деп жазылат маалыматта.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.