00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
16 000 сом сый акы же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу. Мыйзамсыз курал алып жүрүүдө мыйзам эмне дейт?
11:05
40 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Археология, музеи и кражи: кто охраняет прошлое
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
15:04
40 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
Победа с масштабом ЕАЭС: студент КРСУ признан лучшим на международном конкурсе
16:04
42 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Көз мончок
Студенттер жайкы эс алууда эмне менен алектенишет?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Тема дня
Что ждать от форума ЕАЭС в Минске: экономика, бизнес, перспективы
18:05
40 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Туяк
Алыкул менен Мидиндин мамилеси жакшы болгон. Куйкум сөздү Мидин Алыбаевден “чоңдор” эмнеге чочулаган?
19:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жүрүү тартибин легалдаштырууда ЕАЭБ жарандарына жеңилдиктер бар
21:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Против смога — дымоходами: в Кыргызстане обсуждают российские технологии очистки воздуха
08:04
35 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
IV Евразия экономикалык форуму — ири иш-чарага Кыргызстан кандай даярданууда?
09:04
40 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлгө поезд менен - “Кыргыз темир жолу” кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровая торговля без границ: новый вектор развития для ЕАЭС
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу сакталууда — климат, миграция, баанын өсүшү таасирин тийгизеби?
13:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Прародина кыргызов: почему историки до сих пор не пришли к единому мнению?
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Без виз и с правом на работу: что даёт статус «Мекен-карт». Разбираемся в деталях
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкө экономикасын өстүрүүдө илимдин иши кандай жүрүүдө?
17:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как Кыргызстан меняет правила игры для иностранных бизнесменов
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лето, жара и отравления: санэпиднадзор закрывает точки общепита
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гипертониялык жана жүрөк оорулуулар ысыктан кантип туруштук бере алышат - кардиолог менен маек
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Карыпбеков: өлүп калыш тез эле экен, бирок мага Кудай дагы бир өмүр берди окшойт

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор КТРК Илим Карыпбеков
Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-мартка караган түнү Коомдук биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра калыбына келтирилген.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер Илим Карыпбековду ажалдын оозунан кантип сууруп алганын айтып беришти
Дарыгерлер Илим Карыпбековдун абалы турукташып калганын айтып, учурда реанимациядан өзүнчө палатага которушту. Кудайдын кудурети, дарыгерлердин аракети менен аман калган Карыпбековдун абалынан Sputnik агенттигинин кабарчысы кабар алып, аны менен кыскача маек куруп келди.

Колубузга кичине жемишибизди көтөрүп алып палатасына кирип барсак, Илим Майрамбекович ноутбугун чукулап жатыптыр. Чынын айтсам, аны такыр башкача элестетип баргам… Бирок бетинде жол кырсыгынан калган бир-эки так болбосо өңүнө келип, мурдагыдай эле өз калыбында экен. Ал абалын сурашкан соң андан жол кырсыгы тууралуу да маалымат алдык.

— Өмүрүңүз кылдын учунда турду окшойт… Унаа айдагандан коркуп калган жоксузбу?

— Жок, болгону бул мага жана башка деле адамдарга чоң сабак болду окшойт.

— Жол кырсыгы түнкү саат үчтө катталыптыр. Сиздин жумуш ушунча убакытка чейин созулабы?

— КТРКда негизи эле жумуш оор. Мен ар дайым жумуштан жаңылыктар чыккандан кийин кечки саат ондорго чукул үйгө кетем. Бул күнү да жаңылыктар бүтүп, андан чыгып алып, дос балам менен кафеге баргам. Кафеден экөөбүз тамактанып, көпкө чейин сүйлөшүп отуруп калып, убакыт өтүп кетиптир. Кафеден чыгып Токомбаев көчөсү менен кетип бара жатканымды билем, үйгө аз калганда кырсык болуптур. Бирок ошол учурду азыр такыр эстей албай жатам. Айта кетчү нерсе — мен эч качан спирт ичимдигин ичкен эмесмин. 

— Анда телефон же башка нерселерге алаксып, мисалы, Whats App каналында отурган жок белеңиз?

— Жок, унаа айдап бара жатканда колумда телефон жок болчу. Түнкү саат үчтө ким менен сүйлөшмөк элем. Жол кырсыгы эмнеден чыгып кеткенин өзүм да билбей калдым. Кафеден чыгып унаа айдап бара жатканымды билем, калганы эсимде жок. Чарчап уктап кеткенимди же башка нерсеге алаксыганымды эстей албай койдум. 

— Видеосун көрсөк унааны акырын эле айдап бара жатыптырсыз, унааңыздын абалы жакшы эле беле?

— Ооба, жол дагы, унаам дагы жакшы эле болчу. Унаа айдоо боюнча көп жылдык тажрыйбам бар, башынан жакшы айдап, акырын эле жүрөм.

— Демек кырсыкка бир гана чарчоо же уктап кетүү себеп деген версия бар турбайбы?

— Жумуш оор болгондон кийин чарчайсың, ар кайсыны ойлоносуң. Бирок кырсыктан кийин ар бир нерсенин орду болушу керек деп ойлонуп калдым. Тытынып иштейсиң, бирок ажал кааласа бир паста эле алып кетет экен. Бул жол кырсыгы мага чоң сабак болду.

— Башка айдоочулар да ойлонуп калышты окшойт?

Глава КТРК Илим Карыпбеков попал в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков кырсыктаган жердин сүрөттөрү
— Көп учурда унаа айдаганда өзүбүзгө ишенебиз. Бирок сактансаң сактайм дегендей, сак болуп, бир гана спирт ичимдигин ичкенде эмес, чарчаганда, кыйналганда да унаа айдап жолго чыгуу болбойт экен. Менин өмүрүм бир Кудайдын колунда болду. Жаратканга ыраазымын, мага дагы бир өмүр тартуулады. Анткени кырсык болгондо өз убагында күбөлөр көрүп калып, тез жардам, ӨКМ кызматкерлери өз учурунда келип калыптыр. Мунун баары Кудайдын колдогону болду окшойт. 

— Жол кырсыгынан кийин көзүңүздү ачканда биринчи оюңузга эмне келди?

— Операциядан кийин өзүмө бат эле келдим. Баары жакшы болуп, эс-тутумум бат эле калыбына келди. Болгону ошол кырсыктын алдындагы минуталарды эстей албай койдум.

© Sputnik / Эркин АлымбековКТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган.
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган.
© Sputnik / Эркин АлымбековАл айдап бараткан автоунаа жол жээгиндеги темир түркүктү сүзгөн.
Ал айдап бараткан автоунаа жол жээгиндеги темир түркүктү сүзгөн. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ал айдап бараткан автоунаа жол жээгиндеги темир түркүктү сүзгөн.
© Sputnik / Эркин АлымбековИлим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы
Илим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы - Sputnik Кыргызстан
3/3
Илим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы
1/3
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган.
2/3
Ал айдап бараткан автоунаа жол жээгиндеги темир түркүктү сүзгөн.
3/3
Илим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы

— Учурда өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Абалаңызды дарыгерлер турукташып калды деп жатышат…

— Буюрса, абалым учурда жакшы, өзүм басып, тамак ичип калдым. Дарыгерлер өз убагында келип карап жатышат. Жакын арада үйгө чыгып калам.

— Сиздин аман калышыңызга жалпы калың эл бата кылып, жан үрөп жатты.

Митинги сторонников Омурбека Текебаева у задния КТКР - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин тарапташтары КТРКнын алдында митингге чыгышты
— Менин жакындарым, кесиптештерим, студенттерим гана эмес, мени таптакыр тааныбаган адамдар келип кан жетпей жатканда кан тапшырышыптыр. Муну укканда ички дүйнөм аңтарылып ыраазы болдум. Жаш-карысы дебей батасын берип, тезирээк сакайып кетишимди каалашты. Биринчи Кудайга, элиме, дарыгерлерге ыраазымын. Мага Кудай дагы бир өмүр берди десем болот. Анткени дарыгерлер акыркы учурга чейин кандай болуп кетерин билишкен жок, өмүрүмө кепилдик беришкен эмес. Баарына ыраазымын.

— Экинчи жашоо берилди деп жатасыз, жашооңузду башка өңүттө баштабайсызбы?

— Аны убакыт көрсөтөт.

— Азыр палатада жалгыз экенсиз, тамак ичкенде кыйналбай элесизби?

— Жок, өзүм эле туруп-басып тамагымды ичип жатам. Жатып алып, ноутбугумду чукулап, интернетте отурам.

— Жумушуңузга кабатыр болгон жоксузбу?

— Мен операциядан кийин эле жакшы болуп калганда орун басарым Асылбашевди милдетимди аткарып туруу боюнча буйрукка кол коюп бергем. Азыр КТРКны ошол киши карап, көзөмөлдөп жатат. Кандайдыр бир суроолор маселе болсо чалып сурап жатышат.

— Биз да жалпы элге кошулуп тезирээк сакайып кетишиңизди каалап өтөлү, оорубаңыз!

— Чоң рахмат!

Жаңылыктар түрмөгү
0