Дарыгерлер Илим Карыпбековду ажалдын оозунан кантип сууруп алганын айтып беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү КТРКнын башкы директору Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, ары барып бери келген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылгандан кийин анын канап жаткан жерин кол менен тосууга туура келгенин Тез жардам кызматынын дарыгер-реаниматологу Зайнаб Байимбетова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / предоставлено Еленой БаялиновойТез жардам кызматынын дарыгер-реаниматологу Зайнаб Байимбетова
Врач-реаниматолог Станции скорой медицинской помощи Бишкека Зайнаб Байимбетова - Sputnik Кыргызстан
Тез жардам кызматынын дарыгер-реаниматологу Зайнаб Байимбетова

Белгилей кетсек, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков 1-мартка караган түнү Бишкекте жол кырсыгына кабылган. Ал айдап бараткан автоунаа жол жээгиндеги түркүктү барып сүзгөн

Байимбетованын айтымында, аларга таңкы саат 3:12де Аалы Токомбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы боюнча чакыруу келип түшкөн. №1 реанимациялык топ саат 3:24тө окуя болгон жерге жетип барышкан.

День донора в Республиканском центре крови в Казани - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбековго дагы 13 донордун каны керектелүүдө
"Дарыгерлер келгенде байтап эс-учун билбей жатыптыр жана кан басымы түшүп, аябай кансырап калган. Жамбаш тамырлары айрылып кеткен. Ошондой эле ички органдарына да доо кеткен. Жаран машинага кыпчылып, аябай кансырап калгандыктан секунд дагы маанилүү болду. Милиционерлер менен ӨКМ куткаруучулары былчыйып калган машинанын ичине кирүүгө жардам беришти. Агып жаткан канды колум менен тосуп кармап турууга туура келди", — деди Байимбетова.

Дарыгер өз сөзүндө бейтаптын бир колу кысылып калбаганы ажеп болгонун баса белгиледи.

"Биз ал кансырап калгандыктан күрөө тамыры аркылуу түрдүү кошулмаларды куюп, кандын көлөмүн сактап турууга аракет кылдык. Андан кийин керектүү болгон бардык аракеттерди жасадык. Куткаруучулар жана милиция кызматкерлеринин жардамы менен бейтапты машинанын арткы эшиги аркылуу алып чыктык", — деди дарыгер.

Тез жардам кызматына бейтап салынгандан кийин да ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Машинанын ичинде баратканда ал көп кан жоготкондуктан жүрөгү токтоп калган.

ДТП с Илимом Карыпбековым - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбековдун талкаланган автоунаасы. Айып короодон алынган кадрлар
"Дарыгерлердин тобу кеңейтилген реанимациялык иштерди — жүрөккө массаж жасап, жасалма дем алдырдык. Бул аракетибиздин акыбети кайтып жүрөгү кайта сого баштады. Биз үчүн бул кичинекей кубаныч болду. Бейтапты Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып бардык. Алар аны операцияга даярдашты", — деди Байимбетова.

Дарыгер бейтаптын ким экенин Травматология борборуна тапшырып бергенге чейин жана коштомо документти толтуруп бергенге чейин билбегенин айтты. Машинадагы документтерди көргөндөн кийин гана ал КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков болгонун белгиледи.

"Ал КТРКнын директору экенин эч ким билген жок. Ага бардык эле бейтаптарга берилип келген жардам көрсөтүлдү", — деди дарыгер.

Зайнаб Байимбетова 31 жашта жана Тез жардам кызматында беш жылдан бери эмгектенет.

Учурда Карыпбековдун абалы турукташып, өзүнө келди.

Илим Карыпбеков кабылган жол кырсыгы тартылып калган видеону Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0