БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүндө бир жумага оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы өчүрүлүлөт. Бул тууралуу "Газпром" ишканасы билдирет.
Маалыматка караганда, 15-марттан 22-мартка чейин Буурдинская көчөсүнүн Темиров, Месарош жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ жок болот. Мындан улам жаратылыш газы убактылуу 308 абонентке берилбейт.
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.