Кубанткан жана кубарткан мандаттар. Ким келип, ким кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание депутатов Жогорку Кенеша
Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда Жогорку Кеңештеги алты фракциядан 20 депутат кетип, ордуна 20 эл өкүлү келген. Эң көп алмашуу КСДП фракциясында болсо, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы баштапкы тизмесин сактап, эч өзгөргөн эмес.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясына жаңы депутат болгон Канат Керезбеков Тилектеш Исаевдин ордуна келип, бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди

Кыргызстандын президента Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ЖКны таратууну колдоорун айтып, депутаттарга нааразы болду
Эскерте кетсек, 2015-жылы 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен  КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары Жогорку Кеңешке өткөн. 

Бир жарым жылдан бери парламенттеги фракциялардын курамы бир топ өзгөрүп, айрым депутаттар кетип, алардын ордуна жаңылары келди. Кимдер кетип кимдер келгенине Sputnik Кыргызстан абай салып көрдү.

Борбордук шайлоо комиссиянын расмий маалыматы боюнча КСДП — 38 мандатка, "Республика — Ата-Журт" партиясы — 28, "Кыргызстан" партиясына — 18, "Өнүгүү — Прогресс" — 13 "Бир Бол" партиясы — 12 жана "Ата Мекен" партиясы — 11 мандатка ээ болгон. 

Депутаттардын алмашышы боюнча биринчи орунда Кыргызстандын Социал-демократтар фракциясы (КСДП) турат. Орун алмашкан депутаттарды санай келсек ал төмөнкүдөй:

КСДП фракциясы

Евразиялык экономикалык биримдиктин судьясы болуп дайындалган Галина Скрипкинанын ордуна Максатбек Эгембердиев келди

Мээрбек Мискенбаевдун ордуна депутат болуп Нурмахаммат Баяхунов келген. Бирок ал ордун аз убакыттын ичинде Аалы Карашевге өткөрүп берди.

Ал эми Ашэра Халикованын ордун Музаффар Исаков алмаштырды.

Республика — Ата Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
РАЖ Бабановдун талапкерлигин президенттикке сунуштады
"Түндүкэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директорлугуна дайындалган Искендер Кадыркуловдун ордуна Айнура Осмонова келди

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна Ирина Карамушкина келди

Акылбек Султанов болсо депутаттык креслосун Альфия Самигуллинага бошотуп берди.

Акыркы жолу Тилектеш Исаевдин ордуна келген Канат Керезбеков жаңы депутаттардын катарын толуктады.

"Республика — Ата-Журт" фракциясы

"Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жыргалбек Саматов соттошконуна карабай мандатын сактап кала алган жок. Анын ордуна акыры Болотбек Ибраимжанов эл өкүлү болду.

"Кыргызстан" фракциясы

Мандат үчүн соттошкон депутаттардын арасында Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова дагы бар. Айым депутаттардын ордуна Урматбек Самаев менен Алмазбек Токторов келди. Айым депутаттардын ордун алмаштыргандардын катарын Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов толуктайт. Алар вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп кеткен Чолпон Султанбекова менен Таалайкүл Исакунованын ордуна келишкен.

Подготовка к выборам в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо шарапаты: айыл өкмөткө эл өктөмдүк кылабы же депутаттарбы
Белгилей кетсек, Таалайгүл Исакунова Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы болуп кеткен Канатбек Муратбековдун ордуна келген болчу. 

Андан сырткары, Айтмамат Назаров менен Салайдин Айдаров дагы "жаңы келген" депутаттардын катарында. Назаров мандатынан ажыраган Урмат Ишенбековдун ордуна келсе, Айдаров экономика министри болуп кеткен Арзыбек Кожошевдин ордуна барды

Жогорку Кеңеште 13 мандат алган "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын тизмеси эч өзгөргөн эмес.

"Бир Бол" фракциясы

Лунара Мамытова Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалып, ордуна Улукбек Ормонов келди.

Өз ыктыяры менен мандаттан баш тарткан Бакыт Есенбаеванын ордуна Бакирдин Субанбеков депутат болду.

Чолпон Жакупованын ордуна Дүйшөн Төрөкулов шайланды.

"Ата Мекен" фракциясынан Жоомарт Сапарбаев кетип, ордун Абдимуктар Маматов басты.

Жалпысынан алганда Жогорку Кеңештеги алты фракциядан 20 депутат кетип, 20 депутат келген. Эң көп алмашуу КСДП фракциясында болсо, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы баштапкы тизмесин сактап, эч өзгөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0