БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү парламенттин пленардык жыйынында КСДП жана "Кыргызстан" фракцияларынан эки жаңы депутат ант берди. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы билдирди.
КСДП партиясынын тизмеси боюнча эл өкүлү болуп Алфия Самигуллина келди. Ал депутаттык милдетти Жогорку Кеңештен өз ыктыяры менен кеткен Акылбек Султановдун ордуна аткармай болду.
Ал эми "Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Таалайгүл Исакунова Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияны жетектеп кеткен Канатбек Муратбековдун ордуна келди.