БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов бүгүнкү отурумда ант беришти.
Аталган эл өкүлдөрү "Кыргызстан" фракциясынан экс-депутаттар Чолпон Султанбекова менен Таалайкүл Исакунованын ордуна келишти.
Эске сала кетсек, Чолпон Султанбекова вице-премьер болуп шайланса, Таалайкүл Исакунова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына кеткен.