Керезбеков Канат Керезбекович. Өмүр баяны

© Фото / пресс-служба "КГЮА"ЖК депутаты Канат Керезбековдун архидвик сүрөтү
ЖК депутаты Канат Керезбековдун архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Керезбеков 1970-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда төрөлгөн. 1993-жылы Улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992-1996 — "Элдослтд" юридикалык фирмасында юрисконсультант;
  • 1996-2005 — Кыргыз улуттук илимдер академиясында кызматкер, Философия жана укук институтунун жетекчиси;
  • 2001-2005 — Эл аралык Кыргыз-казак-кытай коммерциялык арбитраждык сотунун судьясы;
  • 2003-2004 — КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү;
  • 2003-2005 — КМЮАнын Ишкердик жана эмгек укугу кафедрасынын профессору;
  • 2005 — 2017 — КМЮАнын ректору;
  • 2017-жылдын март айынан тарта КСДП фракциясынан депутат болгон.

КРдин эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, профессор. 100дөн ашык илимий иштердин автору.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0