Сапарбаев Жоомарт Рахатович — өмүр баяны

© пресс-служба Жогорку КенешаЭкс депутат ЖК 6 созыва Жоомарт Сапарбаев
Экс депутат ЖК 6 созыва Жоомарт Сапарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп шайланып келген Жоомарт Сапарбаев 1984-жылдын 12-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2007-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. 2004-2005-жылдары Миннесота мамлекеттик университетинде билим алган (АКШ). 

Эмгек жолун 2002-жылы баштаган.

  • 2005-жылдан тарта коомдук иштерде жигердүү катышып келет.
  • 2010-жылдын октябрь айында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2013-жылдан тарта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
  • 2015-жылдын октябрь айында "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0