Есенбаева Бакыт Усенбековна. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековЕсенбаева Бакыт Усенбековна. Архив
Есенбаева Бакыт Усенбековна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

Бакыт Есенбаева 1971-жылдын 1-сентябрында Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик технология жана дизайн университетин (инженер-химик-технолог), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (финансы жана кредит) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1993 — "Илбирс" АКнын боёо цехинин кирүү контролу боюнча инженери, Кыргыз техникалык университетинин "Тигилген кийимдердин технологиясы жана конструкциясы" кафедрасынын окутуучусу;
  • 1996-1999 — "Кыргызавтобанк" АКБнын Токмоктогу филиалынын башкы бухгалтери;
  • 1999 — "Кыргызавтобанк" АКБнын Токмоктогу филиалынын башкаруучусунун орун басары;
  • 1999-2002 — "Кыргызстан" АКБнын Токмоктогу филиалынын башкаруучусунун орун басары;
  • 2002-2005 — "Кыргызстан" АКБнын райондор аралык филиалынын башкаруучусунун орун басары – кредиттөө, экономикалык талдоо, маркетинг жана валюталык операциялар бөлүмүнүн башчысы;
  • 2005-2015 — Токмоктогу №2 унаа оңдоо заводунун директору;
  • 2012-2013 — Токмок шаардык кеңешинин депутаты, вице-спикер;
  • 2015 — КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына "Бир Бол" саясый партиясынан депутат болуп шайланган.
  • 2015-жылдын ноябрында Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары кызматына шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын апасы.

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0