Айбек Касымов: келинчегим менен 7 жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошком

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭстрада-фольклор жанрында эски ырларды сыздаткан 40тын кырындагы Айбек Касымов маек учурунда
Эстрада-фольклор жанрында эски ырларды сыздаткан 40тын кырындагы Айбек Касымов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстрада-фольклор жанрында эски ырларды сыздаткан 40тын кырындагы Айбек Касымовдун чоң сахнага бел байлаганына жети жылдын жүзү болду. Ал "Кымбатым", "Эңсөө" ырлары менен эл оозуна алынган.

Менин коңур үнүмө домбранын көөдөнү ыңгайлуу деген ырчы менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Айбек мырза, башка ырчыларга салыштырмалуу сизди чоң сахнадан кечирээк көрүп калдык. Себебин өз оозуңуздан угалы?

Певец отечественной эстрады Адилет Азимов - Sputnik Кыргызстан
Адилет Азимов: сумкага акча жетпей, баштык көтөргөн күндөр болду
— Өзүм чыгармачылыкка бала кезимен тарта аралашып келе жатам десем болот. Устаттарыбыз Замирбек Үсөнбаев, Эстебес Турсуналиев агайларыбызды көрүп, өнөрүнө таасирленчү элек. Чоң сахнага чыкканыма жети жылдын жүзү болуп калды. 1997-жылы көркөм өнөр институтун аяктап, 12 жыл Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө эмгектендим. Ал ортодо борборго концерттерге, ыр жаздыруу үчүн студияга келип-кетип жүрдүм. Анан чыгармачылыкты шаардан улантуу жеңил экенин түшүнүп 2010-жылы шаарга көчүп келдим.

— Азыр кыргыз сахнасында ордум кандай деп ойлойсуз?

— Көктөгү жылдызмын дебейм. Өнөрүмдү, жасаган эмгегимди эл баалайт. Бирок жылына экиден чыгарма тартуулаганга аракет жасайм.

Ырчы Айбек Касымов Аскар Исаведин сөзүнө жазылган Атайбек Бөдөшевдин "Эңсөө" ырын жаңыртууда

— Кайсы жанрды көбүрөөк ыктайсыз?

— Ырларымдын аранжировкасын эстрада-фольклордук нукта жасатам. Бул жанр үнүмө туура келет. Эски ырларды ырдаганга көбүрөөк аракет жасайм. 70-80 жылдагы Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев агайлардын обондоруна кайрылам. Эски ырлардын тексттери чоң акындардын колунан өтүп, абдан салмактуу жазылган десем болот.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйбек Касымов: менин жүрөгүмө эски ырлар жакын экен. Албетте, азыркы мыкты акын, обончулардын талантын сыйлайм. Учурда жаңы обондордун үстүндө иштеп жатам. Тагыраак айтсам, акын Жыпара Исабаеванын сөзүнө жазылган ыр даярдалып жатат
Фольклорный певец из Кырызстана Айбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Айбек Касымов: менин жүрөгүмө эски ырлар жакын экен. Албетте, азыркы мыкты акын, обончулардын талантын сыйлайм. Учурда жаңы обондордун үстүндө иштеп жатам. Тагыраак айтсам, акын Жыпара Исабаеванын сөзүнө жазылган ыр даярдалып жатат

— Көп ырчылар улуу агайлардын ырына таасирлениип, ырдашат. Бирок ошондой бренд жаратып, кийинки муун сиздердин чыгармаларды оозго алгыдайаракеттериңиз барбы? Же төмөндө сиз белгилеп кеткендей акындардын калеми салмактуу болбой жатабы?

Ырчы Мирбек Атабеков концерт учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Клипмейкерлер: ырчылар жарды болсо, сапаттуу клипти кантип тартабыз?
— Менин жүрөгүмө эски ырлар жакын экен. Албетте, азыркы мыкты акын, обончулардын талантын сыйлайм. Учурда жаңы обондордун үстүндө иштеп жатам. Тагыраак айтсам, акын Жыпара Исабаеванын сөзүнө жазылган ыр даярдалып жатат. Обончулардан Өмүрбек Рахманов, Мирлан Алыкулов деген мырзаларга кайрылам.

— Сиздин аудиторияңыз кимдер деп ойлойсуз?

— Чыгармамды орто муун менен улуу муун көбүрөөк тыңдайт. Жаштардан "Кымбатымды", "Эңсөөнү" сиз ырдайсызбы" деген жылуу сөз угуп калам.

— Ооба, ал чыгармалар улуттук аспаптын коштоосунда кубулжуп угулат. Комузду деле бала кезден баштап чертесизби?

— Эс тарткан кезимден тарта эле арыкка отуруп алып эле ырдай берчү экенмин. Кийин жакшылап черткенди атам үйрөттү. Музыкалык мектепте окуп жүрүп толук бүтө алган жокмун. Кийин Искусство инсититунун фольклор бөлүмүн аяктадым. Үйдө эки комуз бар. Бири домбра комуз, экинчиси кадимкидей эле кыргыз комузу.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйбек Касымов: эс тарткан кезимден тарта эле арыкка отуруп алып эле ырдай берчү экенмин. Кийин жакшылап черткенди атам үйрөттү. Музыкалык мектепте окуп жүрүп толук бүтө алган жокмун. Кийин Искусство инсититунун фольклор бөлүмүн аяктадым
Фольклорный певец из Кырызстана Айбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Айбек Касымов: эс тарткан кезимден тарта эле арыкка отуруп алып эле ырдай берчү экенмин. Кийин жакшылап черткенди атам үйрөттү. Музыкалык мектепте окуп жүрүп толук бүтө алган жокмун. Кийин Искусство инсититунун фольклор бөлүмүн аяктадым

— Экөөнүн кандай айырмачылыктары бар?

— Домбранын көөдөнү чоң болгондуктан үнү бийик чыгат. Менин үнүм коңур болгондуктан он жыл мурун Орозобай Кенчинбаев агайыбызыга барып домбра комуз чаптыргам. Комуз менен домбраны ары-бери урунтуп, колдон-колго өткөзбөй урунса көп жыл сакталат. Маселен, Токтогулдун комузу деле бир кылымдан ашты. Аспаптар суукта калып калса кадимкидей кепке келбей калат. Мындай учурда бөлмө шартындагы температурада жарым саат кое туруп анан урунуш керек. Бул учурда ичиндеги ным буу болуп сыртка чыгат.

Айбек Касымовду элге тааныткан "Кымбатым" чыгармасы

— Билишимче жубайыңыз дагы чыгармачылыкка аралашып жүрөт?

— 1998-жылы Балыкчыда ыр кесе уюштурулуп, ошол жерден таанышканбыз. Келинчегим экөөбүз чогуу иштеп калып, кыз-жигит болуп жети жыл сүйлөшүп жүрдүк. Бири-бирибизди жакындан таанып, сынашып жүргүчө көп убакыт өттү. Ортодо ата-энем да каршы болду, акыры баарын жеңдик. Азыр төрт баланы тарбиялап жатабыз.

— Сиздер биргеликте "Талым кыз менен Көбөктүн" айтышын аткарганыңыздарды билебиз. Азыр деле жубайыңызды чыгармачылыкка аралаштырып турасызбы?

Звезда отечественной эстрады Ырыскелди Осмонкулов - Sputnik Кыргызстан
Ырыскелди Осмонкулов: Асанкалый агайдын куюлган терин көрүп таң калгам
— "Талым кыз менен Көбөктүн айтышынын" сөзүн Тоголок Молдо, обонун Нурак Абдрахманов агайыбыз жазган. Бизге чейин башка кесиптештерибиз да аткарып жүрүшкөн. 2012-жылы жубайым экөөбүз кыргыздын улуттук аспаптарын кошуп, эстрадалык нукта жаңылап ырдап чыкканбыз. Нурак агайга уруксат сурайлы деп байланышсак, башка жакка кетип калыптыр. Кызы Ширинге "угузуп көрүңүз" деп аудиосун таштап кеткенбиз. Көп өтпөй Нурак агайдан "ырды аябай соонун аткарыптырсыңар" деген жылуу сөзү менен кошо жообу келди. Нурак агай тарыхын да кошо айтып берген.

Мен дагы кыскача айта кетсем, Тоголок Молдо атабыз көл жеринде жүргөндө аталардын оозунан окуяны угуп тамсил кылып жазыптыр. Хандын кызы "мени ким сөзгө жыга алса ошого турмушка чыгам" деп айтыптыр. Ошондо Нарындан Көбөк аттуу мырза келип сөзүнүн таамайлыгы менен кызды утуп, баш кошушкан экен. Азыр келинчегим кичинекей балам менен үйдө. Бирок той-кечелерде "Талым кыз менен Көбөктүн айтышы" үчүн көп чакырышат.

— "Эңсөө", "Кымбатым" аттуу ырлардын тарыхы тууралуу айта кетсеңиз?

— "Кымбатымды" 2011-жылы "Кадыр түн" фестивалында ырдагам. Аранжировкасын Жылдызбек Кадыркулов жасаса, улуттук аспаптар менен Асылбек Насирдинов көркөмдөп берди. Бул ырдан кийин мага көңүл бургандар көбөйүп, интервьюга чакыра башташты. "Кымбатым" менен, тилекке каршы, орун алган жокмун. Бирок калыстар тобунда отурган агайларбыздын бири Кыялбек Урманбетов келип, "керемет ыр ырдадың, бирок бул конкурстук ыр эмес" деп китебин белекке берип, колумду кысып кеткен. Мага бул сезимдер чоң күч берди окшойт. Ошондон ары чыгармачылыгымды улантып кеттим.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАйбек Касымов: азыр чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Жүрөктү өйүгөн маселелердин бири эки жылдан бери концерт бере албай жүрөм. Бардыгы эле каражат жагына барып такалат. Быйыл жайында же күзгө жуук элиме концерт тартуулайын деген планым бар
Фольклорный певец из Кырызстана Айбек Касымов - Sputnik Кыргызстан
Айбек Касымов: азыр чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Жүрөктү өйүгөн маселелердин бири эки жылдан бери концерт бере албай жүрөм. Бардыгы эле каражат жагына барып такалат. Быйыл жайында же күзгө жуук элиме концерт тартуулайын деген планым бар

Каныкей Эралиеванын аткаруусунда "Эңсөөнү" кичинекей кезимде радиодон көп укчумун. Кийин интернеттен карасам сөзү Аскар Исаевге, обону Атайбек Бөдөшов агайга таандык экен. Анан Каныкей эжеден уруксат сурасам, "албетте ырда, бул ырды биз менчиктеп албайбыз, бирок сөзү-обонун бузбай ырда" деген. Аранжировкасын жаңыртып, радиого берсем эл жакшы кабыл алды.

— Чыгармачылыктан тышкары эмне кыласыз?

— Буга чейин мэрияга караштуу эл аспаптар оркестринде солист болчумун. Азыр шартка байланыштуу иштебей калдым. Учурда чыгармачылык менен гана алектенем.

— Классикалык суроолордун бири, адыда кандай пландарыңыз бар?

— Азыр чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Жүрөктү өйүгөн маселелердин бири эки жылдан бери концерт бере албай жүрөм. Бардыгы эле каражат жагына барып такалат. Быйыл жайында же күзгө жуук элиме концерт тартуулайын деген планым бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0