УКМК таштандыдан үч машыгуу минасы менен пулеметтун магазиндерин тапты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСитуация в Сирии
Ситуация в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын кызматтар табылган каражаттар кимге таандык экенин иликтеп жатат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Бишкектен машыгуу учурунда колдонула турган жардыруучу каражаттарды тапты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Бейшемби күнү Бишкек шаарынын тургуну аталган заттарды таштанды челектин ичинен таап укук коргоо органдарына маалымдаган.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги темир жол вокзалы жактан тапанча алып жүргөн киши кармалды
УКМК менен ИИМдин кызматкерлери айтылган дарекке барып, таштанды челектин ичинен машыгуу учурунда колдонулуучу үч минаны табышкан. Алардын бирөө танкага каршы колдонулуучу каражат экени маалым болгон. Мындан тышкары, пистолет-пулеметтун бош магазиндери кошо табылган.

Учурда атайын кызматтар табылган каражаттар кимге таандык экенин иликтеп жатат.

УКМК жардыруучу каражатка окшогон шектүү предметтерди байкап калган жарандарды УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө же 102ге чалып кабарлоого чакырат. Ошондой эле кооптуулук жаралган аймактагы жарандарды эвакуациялоо (300 метрден кем эмес) керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0