Жеңиш Ашырбаев: май куюучу жайга болгон кол салуудан эч ким жабыркаган эмес
Ош — Бишкек жолунун боюндагы май куюучу жайды тоногон куралчан адам кассирге да, күзөтчүгө да зыян келтирген эмес. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Курал менен кол салган адам күзөтчү менен кассирди коркутуп, 12 миң сом алып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Күзөтчү менен кассир эч кандай жаракат алган эмес", — деди Ашырбаев.
Ушу тапта милиция кызматкерлеринен турган атайын топ шектүү жаранды издеп жатат.