БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте салтка айланган жарманке өз ишин улантып жатканын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Ушул дем алыш күндөрү дагы айыл-чарба продукцияларын сатып алууга шаардыктарда жакшы мүмкүнчүлүк болду.
Мэрия тараптан уюштурулган соода чекиттеринен шаар тургундары эт, сүт, бал, жер-жемиш жана жашылчалар сыяктуу ар түркүн азык-түлүктөрдү сатып ала алышат.
Чүй облусунун ар кайсы жеринен келген дыйкан, фермерлер өздөрү өндүргөн продукцияны ортомчусу жок шаар тургундарына жеткирүүгө, ал эми шаардыктар сапаттуу жана арзан баадагы азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүк алды.
Айыл чарба продукцияларын сатуу төмөнкү жерлерде уланууда:
- "Жал" кичи району, Тыналиев көчөсү (Ленин району);
- "Асанбай" чакан-базары, Токомбаев көчөсү;
- Ауэзов жана Салиева көчөлөрүнүн келилиши (Свердлов району);
- Фрунзе көчөсү, Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосунда (Биринчи Май району).