Бишкекте апта аягында "Алма EXPO – 2016" агрардык жарманкеси өтөт

© Sputnik / Олег Смыслов / Медиабанкка өтүүСепеттеги алмалар. Архив
Сепеттеги алмалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара флешмоб, концерттик программа менен коштолот.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-6-ноябрында "Алма EXPO – 2016" жарманкеси өтө турганын "Кыргызстандын агрардык платформасы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бермет Турсалиева билдирди.

Анын айтымында, көргөзмөгө 50дөн ашык компаниянын жана фермердик чарбалардын экологиялык жактан таза өндүрүлгөн азык-түлүктөрү коюлат. 

"Жарманке тажрыйбалык мастер-класстар, Кыргызстандагы айрым кыймылдарынын флешмобу, фешн-көргөзмөлөр менен коштолот. Ошондой эле биоазыктар тууралуу пайдалуу маалыматтар берилип, викторина, оюндар уюштурулат", — деди Турсалиева.

Иш-чара Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу менен өтөт.

Уюштуруучулар бул жарманкеге бардык шаар тургундарына эшик ачык экенин белшилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0