00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аялзат үнү: ала качтырган таеже, тебеленген тагдыр

Жазылуу
Бүгүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Журналист Гүлдана Талантбекова үй-бүлөнүн коломтосун, коомдун очогун түзгөн кыз-келиндердин бузулган укугу, бүлүнгөн тагдыры, көргөн кордугунан сөз кылат.

Бул сапар "Сезим" кризистик борборуна баш багып, тайкы тагдырдын сыноосунда тургандардын бири, эки баланын энесин кепке тартты.

Таежем 15 жаш улуу кишиге ала качтырып берип койгон

Семья Маматовых, страдающие болезнью остеомиелит - Sputnik Кыргызстан
Кан куума дарттын тузагында калган эже-сиңдилер. Тайкы тагдыр баяны
— Атым Айназик, жашым жыйырма үчтө. Жумгалдан болом. Өзүм интернатта тарбияландым. Энем өгөй атам менен жашайт. Интернатты бүтүп шаарда тигүү цехинде иштеп жүргөндө таежем шылтоолоп айылга чакыртып калды. Барсам, өзүмдөн 15 жаш улуу кишиге ала качтырып алып берип койду. Мен башында чырдап отурбайм десем, бөлмөгө камап сумкамды, документтерди катып алышты. Айла жок отуруп калдым. Анда мен 19 жашта элем. Эң коркунучтуусу нике түн болду…

Бир ай өтпөй башталган "баяндар" же чыккан жаак менен сынган мурун

— Күйөөм мага чейин эки аял кетириптир. Бир айдан кийин эле колу тие баштады. Алгачкы жолу чыны менен чапкан. Негизи эле колуна эмне тийсе ошону менен чапмай адаты бар. Кайненем менен кайнатам каза болуп калыптыр. Күйөөмдү туугандары, достору "ичет, чыр чыгарып сабайт" деп өздөрүнө жолотушчу эмес. Айылда үйүбүз жок болгондуктан ар кимдин малын багып, чөбүн жыйнашып күн көрчүбүз. Бир жолу Суусамырдан катуу сабаганда жаагым чыгып, мурдум сынып кеткен. Оор акыбалыма карабай бейтапканага деле барган жокмун. Кыйналып жүрүп эки баламды табигый жол менен төрөдүм. Ачыгын айтсам, күйөөмдүн кордугуна бараар жерим жоктугунан эле чыдап жүрдүм. Колуна эмне тийсе чаап, уруп, эркек башы менен сүзүп да ийген учурлары болгон. Балабызды "өлтүрүп салайынбы, жерге чаап салайынбы" деп моюнунан кармап алып дубалга такап коркутчу, жөн турганда деле эрмектеп балдарды ыйлата берчү.

Баш паанек издеп келген Бишкек…

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
ВИЧ менен жабыркаган келин: экинчи наристемди күтүп жатам
Акыры таяк жеп таптакыр чыдабай калганда, эки баламды алып Бишкекке баса бергем. Анан шаарга келип иштеп, балдарымды карап жатканда күйөөм алып кетип калды. Эки ай убакыт өттү. Эмне кылаарымды билбей, балдарымды бер деп чалсам "келе турган болсоң, эки бутуңду, эки колуңду сындырып майып кылып отурузуп коем" деди. Баргандан коркуп жүрдүм. Анан айылдаш эжем аркылуу социалдык коргоодон эки баламды милиция менен барып алып, бул жактагы кризистик борборго жөнөтүштү. Балдарымдын улуусу төрттө, кичүүсү эки жарым жашта. Бул жакта бир айга чукул турганга уруксат экен. Эки баламды убактылуу карай турчу интернатка тапшырып, өзүм иштесемби деп ойлонуп жатам. Андан башка жолум жок. Алимент кестирейин десем, күйөөм менен никеге турган эмеспиз, күбөлүк жок. Ансыз болбойт экен. Күйөөм аркамдан келсе деле кайра барбайт болушум керек…

"Сезим" борборунан узап бараткан мени ызгаары эми башталган кышта бир айдан кийин эки баласын жетелген Айназиктин тагдыры тынчсыздандырып турду. Интернаттан чоң дүйнөгө чоң максаттар менен чыккан кыз эми балдарын кайрадан интернатка жетелеп барабы?..

Жаңылыктар түрмөгү
0