БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий өз салмак категориясында (100 кг. салмактан жогору) Кыргызстандын чемпиону болгонун КР Дзюдо федерациясы билдирди.
Дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасындагы өлкө биринчилиги 25-26-ноябрда Бишкек шаарында өттү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча Рио оюндарына катышкан Юрий Краковецкий өз салмак категориясында (100 кг. Салмактан жогору) өлкө чемпиону болсо, жайкы олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон Отар Бестаев 66 кг. салмакка чейинки категорияда коло байгеге татыган.
Алдар жети салмак категориясында (48, 52, 57, 63, 70, 78 кг. жана андан жогору) күч сынашса, эркектер дагы жети салмак категориясында (60, 66, 73, 81, 90, 100 кг. жана андан жогору) ат салышкан.