БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суусуна Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, 24 жаштагы айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, унааны суудан Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте эвакуатор бүгүн таңкы саат 04.55те чыгарган. Айдоочунун Лейлек районунун тургуну экени анык болду.
Кырсык болгон жерге төрт куткаруучу тартылган.