БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылынын 50 жаштагы тургуну белгисиз аял тарабынан себепсиз сабалгандыгы тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуяга шектүү катары 39 жаштагы аял кармалган.
"12-ноябрда 50 жаштагы аял белгисиз аял тарабынан себепсиз сабалганын айтып арыз менен кайрылган. Чүй облустук Кайгуул милициясы издөө иштерин жүргүзүп шектүү катары 39 жаштагы аялды колго түшүрдү", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Ысык-Ата райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.