БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Грециянын полициясы Афиныда курула турган мечитке нааразы болуп чыккан 15 кишини кармап кетти. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып кабарлады.
Нааразылык акциясы али курула элек, бирок, орду пландалган жерде мындан эки апта мурун башталып, бешинчи күндүн таңына чейин уланды. Ал эми бүгүн эртең менен полициянын тез арада аракетке келүүчү бөлүмүнүн кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап кеткен.
Агенттиктин маалыматына караганда, кармалгандар прокуратуранын кеңсесине жеткирилип, эми аларга олуттуу күнөө тагыла тургандай жагдай түзүлгөн.
Быйылкы жылы август айында Грециянын парламенти Афины шаарында 950 миң евролук мечит куруу боюнча долбоорду жактырган. Ал эми гректердин "Алтын таң" деп аталган партиясы парламенттин бул чечимине нааразылыгын билдирип, акцияга чыккандарды колдоого алган.