БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин 5-кичи районундагы үйдүн чатырынан 36 жаштагы аял кулап, буту темир трубага кысылып калып каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-ноябрда саат таңкы алтылар чамасында болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон аялдын бутун темир трубадан чыгарып, сөөктү милицияга өткөрүп беришкен.