БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош жаңы жолунун туннелине жакын Көк-Зоо аймагына ууга чыгып, кар көчкүнүн алдында калган жарандын денеси табылганын ӨКМден кабарлашты.
27-октябрда түштөн кийин төрттөр чамасында Сузак районунун Калмак-Кырчын айылынын тургуну көчкү астында калган.
"Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, бүгүн саат 11.00 чамасында көчкү астында калган жарандын денесин табышты", — деп айтылат маалыматта.
Учурда маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берүү иштери жүргүзүлүп жатат.