Ирина Карамушкина кайрадан депутат болуп келди

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖК депутаты Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 11-окт. – Sputnik. КСДПнын мурунку депутаты Кыянбек Сатыбалдиевдин мандаты Ирина Карамушкинага берилди. Аталган чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. 

5-октярь күнү өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ошондон улам бошоп калган орунга кийинки кезекте турган адам келди. 

Эске сала кетсек, Карамушкина бешинчи чакырылышта да депутат болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0