Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке №1 борт менен конду. Ажону жубайы, биринчи айым Раиса Атамбаева коштоп келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигине президенттин маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев 23-сентябрдан бери Москва шаарындагы Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан.
Мындан 13 күн мурда 19-сентябрда Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына баратып, Стамбулдан өзүн жаман сезип, аба майдандан аны Тез жардам алып кеткен.
Андан соң Түркиянын Измир шаарындагы мейманканалардын бирине жайгашкан. Ал эми 23-сентябрда өлкө башчысы ден соолугун чыңдоо үчүн Москва шаарына учуп келген болчу.