Атамбаевди жабыркаткан жүрөк аритмиясы. Оорунун себептери жана кесепеттери

© Фото / пресс-служба ЮРНЦССХКыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов
Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургия илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аритмия — жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Анын түрлөрү өтө көп. Жүрөк ооруларынын 200гө чукул түрү болсо, дээрлик көпчүлүгү аритмия менен коштолот.
Дарыгер Абдраманов: аритмияны дарылабаса адамды майып кылышы мүмкүн

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жүрөк аритмиясына чалдыгып, учурда РФ президентинин иш башкармалыгынын Москвадагы борбордук клиникалык ооруканасында дарылануусун улантып жатат. 

Аритмия — жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Анын түрлөрү өтө көп. Жүрөк ооруларынын 200гө чукул түрү болсо, дээрлик көпчүлүгү аритмия менен коштолот. 

Бул илдет туурасында Кыргызстандын башкы кардиохирургу, аритмолог, Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов бүгүн жүрөк аритмиясы туурасында кеңири баяндап берди. 

Байкерлер жүрүш учурунда, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Байкерлер Атамбаевди колдоп Бишкекти кыдырып чыгышты
Аритмия — жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Жүрөктүн аритмиясы өз алдынча оору, же жүрөктөн башка органдардын оорусунун бир белгиси катары аныкталат. Себеби жүрөктөгү импульстун жаралуу жана таралуу тартиби бузулганда аритмия пайда болот. Демек, аритмология аныктоого, дарылоого өтө көп кырдуу, татаал тармак.

Уулуу заттардын таасири бар. Ошондой эле дарт адамдын жашоо, тамактануу эрежелерине, кесип өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Андан сырткары баңгизат, ичимдик, уулантуучу заттардын таасири катары да пайда болушу мүмкүн. Себебине жараша чукул же өнөкөт болот.

Чукул пайда болгондо адам ооруганын сезип дарыгерге кайрылат. Анда дарылаганга мүмкүнчүлүк болот.

Ал эми өнөкөт түрлөрүндө адам өзүнүн аритмиясын башка оорулар менен байланыштырып коюп жүрө берет. Кийинчерээк ал өз алдынча ооруга өтүп кетет.

Майыптыкка алып келет. Бул илдет дарылабаса адамды майып кылышы мүмкүн. Болгондо да чукул өлүмгө алып келчү түрлөрүн пайда кылат. Адатта жүрөк бир калыпта мүнөтүнө орточо 70 ирет согушу керек. Аритмия кабылдаса кандын уюп калышына, инфарктка, инсультка алып келет. Албетте бул адам үчүн кооптуу. 

Аритмиялык капыстан болгон өлүм деген термин бар. Кыргызда "соо жүрүп эле, басып баратып, же уктап жатып эле өтүп кетиптир" дейбиз. Бул аритмиянын эң жаман түрү. Жүрөктүн согуусу 30-40тан төмөн түшүп кеткен же тескерисинче, 200гө чейин жеткенде адам каза болгон учурлар кездешет.

Дабасы бар. Эгерде так диагноз койсо, оорунун себебин электрофизиологиялык изилдөөдө тапса, электр тогунун жардамы менен күйгүзүп, аритмияны айыктырса болот. Бул дүйнөдө кеңири тараган кымбат баалуу, жогорку технологиялык ыкма.

Ооругандар. Кыргызстанда жылына 6 миңге чукул адам түздөн-түз аритмологдордун колунан дарыланышы керек. Кардиологиялык оорулардан жапа чеккендердин 50-60 пайызы жүрөктүн аритмиясы менен жыбаркайт. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Москва: Атамбаевдин алын сурап барууга кыргызстандыктардын көбү даяр турат
Дарылоо жолдору. Жеңил түрү дары менен дарыланат. Экинчи түрү – диагностика жасагандан кийин катетр менен күйгүзүп, ошол участокту айыктырса болот. Үчүнчүсү — хирургиялык жол. Аритмиянын өтө татаал формаларында ири операция жасалат. Дарылоонун төртүнчү ыкмасы — аритмияны атайын аппараттарды денеге имплантация (тигүү) жасоо жолу менен жүргүзүлөт. Алар өтө кымбат баалуу система аппараттары болуп саналат.

Бир нече себептер. Кыргызстанда богок менен байланышкан аритмиянын түрлөрү көп. Экинчиден аялдардын климаксы башталган учурда аритмиянын түрлөрү көп кездешет. Көбү жүрөк ооруп жатканын айтып кайрылат, адистер жашын карап алардын климакс курагын байкашат. Андан тышкары, ревматизм оорусу менен жабыркаган кишинин жүрөк ыргагы бузулат. Төртүнчү – жүрөк тамырлары ичкерип, ал жерде тромб жаралып, кан ары өтпөй калган оору түрлөрү да аритмияга алып келет. Жүрөктүн булчуңдарынын бир бөлүгү ирисе инфаркт делет, ал эми мээде тромб болсо инсультка алып келет. Мына ошолордо да аритмия сөзсүз кездешет. Кийинки, алтынчы орунда кадимки чыныгы, аритмия турат. Бул өтө татаал түрү. Өз алдынча дарылоого туура келет. Алар симптомдук аритмияга караганда өтө кооптуу болуп эсептелет. Булар жогоруда айтылгандай, капыстан өлүмдү жаратат.

Сырткы факторлор. Адам ден соолугу таптаза туруп, аритмияга кездешкен жагдайлар арбын. Анализдей келгенде, 3-4 күн уктабай жүргөндө адамдын аритмиясына себеп болгонун билсе болот. 

"Көртирлик деп жаны тынбай, уктабай, чала уйку болуп, же ой басып, санаага түшүргөн факторлор да бул ооруга себепкер. Азыркы учурда саясатчыларда бул оору көп кездешет. Адамдар бири-бирине жаман сөз айтып койсо деле, түнү менен уктай албай, кан басымы которулуп, стресс болуп чыгып, жүрөктүн иштөө ыргагы бузулушу мүмкүн. Азыр бири-бирин алдаган, калп айткан, ушактаган учурларды кошууга болот. Мындай жагдайлар 2-3 айлап кайталанса, кооптуу аритмияга алып келет", — дейт Абдраманов.

Интернеттеги оюндардан окуяларга чейин ылгабай кабыл ала берсе да аритмияга себеп болот. Себеби, мындан да уйкунун режими бузулат. 

Кыскасы, адамдын көнүмүш болгон жашоо образынан сыртка чыккан учурда жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушуна шарт түзүлөт. Аритмияны адамдын сырткы чөйрөдө болуп жаткан окуяларга болгон жооп-реакциясы деп да түшүндүрсөк болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0