777ААА номерине ашыктардын кармашы уланууда. Учурда баа 1,7 млн. сомго чукулдады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с официального сайта ГРС https://nomer.srs.kg по онлайн продаже автомобильных номеров. Продажа государственного номера серии 01 KG 777ААА
Снимок с официального сайта ГРС https://nomer.srs.kg по онлайн продаже автомобильных номеров. Продажа государственного номера серии 01 KG 777ААА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик номердин баштапкы баасы 60 миң сомдон башталган. Бул аукциондо сунушталган эң кымбат баа. Утуп алган киши акчаны үч жумуш күндүн ичинде төлөшү керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Өзгөчө комбинациядагы 777ААА мамлекеттик номерин аукцион аркылуу сатып алам дегендердин кармашы уланууда. Учурда 1 миллион 700 миң сомго чукул сунушталды.

Алгач аукционго тогуз киши катышкан. Номердин баштапкы баасы 60 миң сом деп бааланган.

Буга чейин эң кымбат мамлекеттик номер 001ААА 594 миң сомго сатылган.

Эми жеңүүчү акчасын төлөп, номерди алып кетиши керек. Эгер жеңүүчү үч күндүн ичинде акчаны төлөбөсө аукцион жокко чыгарын Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Номерди албай койгондорго төлөнгөн баштапкы баанын 10 пайызы кайтарылбайт.

Аукциондун жүрүшүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев өзү көз салып турат.

Аукцион 21-сентябрдан бери өтүп жатат. "Кооз" цифралар деп эсептелген (мисалы 121) номер комплектилери соодалашуусуз сатылат, ал эми бирдей комбинациядагы цифралар же тамгалар ("өзгөчөлөр") алгачкы ирет онлайн-сатуу аркылуу сатылууда. 

Октябрдан тартып "өзгөчө" номерлер аймактарда сатыла баштайт. Бир айдын ичинде сатуу ишке ашырылат. Аукционго катышуунун эрежелери © SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ. Аймактарда "өзгөчө" номерлердин аукциону октябрда өтөт Электрондук тейлөө көрсөтүү www.e.srs.kg порталында "Онлайн-аукцион" бөлүмү бар, ага www.nomer.srs.kg дареги боюнча кирүүгө болот. Жеке кабинетке кирүү үчүн "Катталуу" торчосун басыңыз жана өзүңүздүн мобилдик номерди (XXX)-XXX-XXX форматында киргизиңиз; "Паспорт номери" талаасын басып, паспорттун (ID-карта) номери менен сериясын ANXXXXXXX форматында, ошондой эле өзүңүздүн ПИН-номериңизди (персоналдык идентификациялык номериңизди) көрсөтүңүз. Сиз жиберген телефон номерине онлайн-аукционго кириш үчүн сыр сөз жазылган SMS-эскертүү келет. Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тартып кадимки "тамга — төрт цифра — тамга" болгон номерлердин ордуна үч сан жана үч тамга менен кооздолгон мамлекеттик номерлердин комплектилерин берүүнү баштаган. Бул номерлерде болгону улуттук туунун сүрөтү эл аралык Кыргызстан — KG коду менен сакталып калган.

Өзгөчө комбинациядагы 777ААА мамлекеттик номери аукцион аркылуу 1 миллион 716 миң сомго сатылды. Кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0