БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Курман айт майрамына карата окула турган айт намазы учурунда борбордук жолдор убактылуу жабылат. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Курман айт майрамы 12-сентябрда белгиленет. Айт намаз эски аянтта саат 6.45тен 8.30га чейин өтөрүн буга чейин муфтияттан маалымдашкан.
Ал күнү Чүй проспектиси Тыныстанов, Панфилов, Фрунзе көчөлөрүнүн эски аянтка жакын жерлери тосулат.
Милиция кызматкерлери жана УКМК намаз окуу убагында жол кыймылын жана элдин коопсуздугун камсыздайт.
Айт намаз окула турган жерде тез жардам кызматкерлери жана өрт өчүргүчтөр күзөттө турушат.